Кыргызга түшкөн-кут… Сталиндин акыркы кадры… Улуу инсан жана улуу жолбашчы Исхак Раззаков…

Каганат.

Аты-жөнү: Раззаков Исхак Раззакович

Туулган жылы: 25-октябрь, 1910-жыл, Коросон айылы, Фергана облусу

Каза болгон жылы: 19-март 1979-жыл, Москва шаары, СССР (Сөөгү алгач Москва шаарына коюлуп, 2000-жылы гана туулуп-өскөн мекенине алынып келинип, Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган)

Мамлекеттик жана саясий ишмер,  К Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Аткаруу Комитетинин кыргыздардан чыккан алгачкы секретары, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Орто Азия боюнча Сталиндин акыркы кадры катары белгилүү.

Улуту: Кыргыз

Уруусу: Кызылаяк

Атасы: Берк уулу Разак

Энеси: Сайып кызы Жамийла

Бала чагы: 1918-жылдан баштап Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган  

Билими:  Ташкенттеги педагогикалык техникумун (1931-ж) кийин  Москвадагы пландоо институтун бүтүргөн (1936-ж).

Эмгек жолу: Исхак Раззаков Ташкенттеги агартуу институтун аяктагандан кийин эмгек жолун окутуучулуктан баштаган, ошол кездеги советтик жана партиялык жетекчилер анын жөндөмүн байкап, Москвадагы пландоо институтуна окууга жөнөтүшүп, аталган окуу жайды 1936-жылы аяктаган.

1936-жылдан баштап мамлекеттик жана партиялык кызматтарды аркалаган:

1939—1940 — Өзбек ССРнин Эл Комиссарлар Кеңешинин алдындагы Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасы

1940—1944 — Өзбек ССРнин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасынын орун басары

1941—1944 — Өзбек ССРнин Агартуу боюнча элдик комиссары

1944—1945 — Өзбек ССРнин большевиктер БК Компартиянын катчысы

1945—1950 —Кыргыз ССРнин Министрлер Кеңешинин төрагасы

1950—1961 — Кыргыз ССРнин БК КПнын биринчи катчысы

1961—1962 —СССРдин Мамлекеттик экономикалык кеңештин мүчөсү

1962—1965 — СССРдин Министрлер Кеңешинин алдындагы Мамлекеттик илимий-экономикалык бөлүмдүн башчысы

1965—1967 — СССР МКнын Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасы  

Сыйлыктары: Төрт жолу Ленин, эки  Эмгек Кызыл Туу  ордендери, Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы  Кызыл Жылдыз  ордени жана көптөгөн медалдар менен сыйланган. 2010-жылы Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылган.

Үй-бүлөсү: аялы-Ибрагимова Рауза Ихсановна, улуту татар, 1914-жылы Каракол шаарында туулган, Москва шаарында кайтыш болгон. Медицина илимдеринин кандидаты.

Кызы-Исхакова Элмира Исхаковна, 1944-жылы Ташкентте туулган. Москвадагы мамлекеттик университеттин тарых факултетин аяктап, 1988-жылга чейин ССР Илимдер Академиясынын алдындагы Чыгыш таануу илимий институтунда эмгектенген, Кийин пенсияга чыгып, Бишкек шаарында жашап жүрүп кайтыш болгон.

Ошондой эле Исхак Раззаковдордун үй-бүлөсү 1943-жылы балдар үйүнөн төрт жаштагы наристени багып алып, ага Эмил (Эрик) деген ысым ыйгарышкан. Ал кайсы бир себептер менен 1975-жылы камалып,  эркиндикке чыгаарына 11 ай калганда 1988-жылы каза тапкан. 

Исхак Раззаковдун кызынан Берк аттуу жээни болгон, ага улуу инсан чоӊ атасынын атын ыйгарган. Берк кичинесинен орукчан болуп, улуу инсандан тукум калган эмес.  

Кызы Элмира атасы тууралуу “… ал жөн эле ата эмес, баарынан мурда, эң бир жакын, эң бир сүйүктүү досубуз эле. Ал эч качан узун жана көңүлсүз насаат айтуучу эмес, биз менен ар дайым мээримдүү, досторундай сүйлөшчү” деп эскерген.

 

Тарыхка кылчайып: Боордош  өзбек  калкынын  атактуу  уулу  Усман  Юсупов (1900-1966) И. Сталин менен жолугушканда: «Биздин  республикалык  партиялык  уюм  келечеги кең бир кыргыз  жигитин тарбиялап келатат. Кыргызстанда жергиликтүү жетекчи кадрлар жетишпейт. Даярдыгы  бар  ошого  бышыккан коммунист. Кыргыз  ССРине  жетекчи кызматка которулса эң  жакшы  болоор  эле»,- дегенде улут маселесине  кылдат  караган И.Сталин бул сунушка  дароо  макул  болгон  дейт. Ошентип, 8 – 9 жашында Мекенинен  четке  кеткен кыргыз кулуну 27 жылдан кийин кайра өз Мекенине кайрылып келген.

 Айта кетүүчү жагдай,  Октябрь революциясынан кийин 33 жыл өткөн соң гана Москва республикалык партиялык уюмду, демек Кыргызстанды башкаруу милдетин биринчи ирет кыргыз кулунуна ишенип тапшырган…

Ал 35 жашында Министрлер Советинин Председатели, 40 жашында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Биринчи катчысы болгон. Исхак Раззаков  түндүк-түштүккө, урук-урууларга жиктөө, жердешчилик өңдүү эски калдыктарды өтө зыяндуу илдет катары эсептеп, ага каршы күрөшкөн.

 

Элине жасаган эмгектери: Исхак Раззаков кыргыз мамлекетин жетектеген жылдарда  (1950-жылдан 1961-жылга чейин) өлкөдө жаӊы завод менен фабрикалар, электростанциялар, ирригациялык системалар ишке киргизилип, көптөгөн мектептер, турак-үйлөр курулган. Фрунзе атындагы айыл-чарба машиналарын куруучу ири заводунун ачылышы дагы ал жетектеген мезгилге таандык, ошондой эле Фрунзе-Ош жолу салынган.

 1946-1950-жылдары эл чарба багытындагы 20 ири өндүрүш обьектилери ишке киргизилген. Алардын катарында бир нече ГЭСтер, «Кыргызавтомаш» заводу, Ош электромеханикалык заводу, борбор калаадагы бут кийим фабрикасы жана башкалар бар. БЧК, Орто-Токой суу сактагычтары ишке киргизилген. Үч миӊ гектардан ашуун кароосуз жаткан жерлер өздөштүрүлүп, сугат жерлерге айланып, адамдар отурукташкан.

1956-жылы Кыргызстандын айыл чарбасында ири жетишкендиктин натыйжасында республикага алгачкы жолу Ленин ордени ыйгарылган. Исхак Раззаковдун тушунда Кыргыз мамлекеттик университети, Ош жана Пржевальск шаарларындагы педагогикалык институттары, ошондой эле Орто Азияда  алгачкы жолу политехникалык институту баш болгон 8 жогорку окуу жайы ачылган. Биз Исхак Раззаковдун кыргыз эллине жасаган эмгектеринен учкай гана баяндадык. Бул тууралуу анын замандаштарынын эскерүүлөрү арбын.  

И.Раззаков Кыргызстандын элинин ден соолугу жаатындагы  маселеге зор маани берген жана камкордук көргөн. Тактап айтканда, ал бул маселени Борбордук Комитеттин бюросунда жана Өкмөттүн жыйынында караган. Мунун натыйжасында 1957-жылдын 1-октябрынан баштап, республиканын бардык мектептеринде 1-4-класстардын, ал эми, 1958- жылдын 1- январынан баштап 1-7-класстардын окуучуларына акысыз ысык тамак бериле баштаган.

 

Тарыхтагы кара так: Раззаковдун эли үчүн өзгөчөлөнгөн ишмердүүлүгү, элине болгон камкордугу Москвадагы тоталитардык башкаруу бийлигинин сазына баткан жеткчилерге жакан эмес экен. Ар кандай куру шылтоолор, далили жок фактыларга таянган жогору жактагылар 1961-жылы 9-майда Исхак Раззаков кызматынан бошотушкан.

Алысты көрө билген ишмер эле

   «И.Раззаков чыныгы мамлекеттик жана алысты көрө билген ишмер болучу. Ошентип, 1956-жылы эле ал экономикалык жана маданий маселелерди чечүүдө союздук республикаларга кеңири укук берүү, аларга түздөн-түз башкарууга айрым ишканаларды эле эмес, ошондой эле, эл чарбасынын бүтүндөй тармактарын өткөрүп берүү жөнүндө маселени негиздөө менен тартынбастан КПСС БКга маселе койгон.

Ал дагы бир принциптүү маселени – укуктук база түзүү маселесин көтөргөн. Анткени, Исхак Раззаков Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзамдарын иштеп чыгуу жана бастырып чыгаруу мезгили бышып жетилди деп эсептеген, алар жалпы союздук укуктук жоболор менен катар эле жергиликтүү улуттук өзгөчөлүктөрдү да чагылдырышы керек эле. Натыйжада кийинчерээк Республиканын Жогорку Совети тарабынан андай кодекстер иштелип чыккан жана мыйзамдаштырылган болучу…»

(Саясый жана коомдук ишмер, маркум Кадыркул Качыкеевдин эскерүүлөрүнөн)

Кыргыздарга өткөндө кут эки жолу түшкөн дешет. Биринчи кут — Жусуп Абдрахманов болуп түшсө, экинчи жолку кут — Исхак Раззаков болуп түшүптүр. Бирок түшкөн кутту кут сыягындай күтүп албаптырбыз… Исхак Раззаковичти учкан кометага салыштырам, куйруктуу жылдызга… Мындай жылдыз кылымдарда бир келсе келет, бирок келгенде да артында жапжарык из калтырат, — деп эскерген залкар инсандар. ( Кыргыз Эл акыны Насирдин Байтемиров)

 Аӊызга айланган сөздөрү:

 «Сен таза болсоӊ, мен таза болсом, коом да таза болот…»

«Күчтүүдөн коркпо, өзүӊдүн алсыздыгыӊан корк…»

“Мен үчүн Кыргызстан – бир жер, бир эл…”  

«Чыр-чатактан качсаӊ кач, бирок адилеттиктен качпа…»

 Исхак Раззаков тууралуу замандаштарынын эскерүүсүнөн турган, И. Раззаков атындагы фондунун негиздөөчүсү жана төрагасы, саясый жана коомдук ишмерА. Масалиевдин жетекчилиги астында «Улуу Инсан» аттуу китеп жарык көргөн.  Анын өмүр жолуна арналган «Исхак Раззаков» фильми режиссер Алим Токторов тарабынан 2015-жылы тартылган.

Исхак Раззаковдун атын Кыргыз мамлекеттик техникалык университети алып жүрөт. Исхак Раззаковдун 95 жылдыгына карата ал 11 жыл жашап кеткен үйдө үй-музейи ачылган.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

1 + сегиз =