Новосибирсктеги өрттөнгөн бут кийим чыгаруучу цех мыйзамсыз иштеп келген

Каганат.

Новосибирсктеги өрттөнгөн бут кийим чыгаруучу цех мыйзамсыз иштеп келген. Бул тууралуу РИА новости агенттиги Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгынын билдирген маалыматына таянып жазды.

Бул имарат тиешелүү талаптарды аткарбай туруп ишкерчиликти баштаган. Муну менен алар мыйзамды бузган. Имаратта бут кийимдер тигилген”, – деп билдирген ӨКМнын аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Алексей Брызгалов.

Белгилей кетсек, 4-январда эртең менен Новосибирск облусунун Чернореченский аймагында бут кийим кампасында өрт чыгып, он киши көз жумган. Кырсыктан анда иштеген 24 жана 27 жаштагы Кыргызстандын жарандары да каза болгон. Алардын бири Жалал-Абад облусунун Ноокен, экинчиси Базар-Коргон районунун тургундары экени белгилүү болду. Ал эми 17 жаштагы кыргызстандык жаран денеси күйүп, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Иликтөө көрсөткөндөй, көпчүлүк адамдар өрттү өчүрүү аракети учурунда мерт кеткен. Себеби кампанын ичинде тез күйүүчү материалдар болгон.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

17 + 15 =