Шавкат Мирзиёев дүйнөнү өзгөртүп жаткан он лидердин бири аталды

Каганат.

Түркиянын Derin Ekonomi басылмасынын саясый баяндамачылары Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди дүйнөнү өзгөртүп жаткан он лидердин катарына кошту.

Андагы маалыматка таянсак, Мирзиёев президент болгон күндөн тартып Өзбекстанда реформаларды баштап, жарандардын дин тутуу эркиндиги, күч органдарынын ишин иретке келтирүү, өлкөнүн либералдашуусуна багытталган иштерди ийгиликтүү аткарууда. Ошондой эле серепчилер Өзбекстанда былтыртан тарта соода эркиндигине түз таасир берген олуттуу чечимдер кабыл алынып, тышкы валюталык саясаттын ачыктыгы чет өлкөлүк инвесторлорду кызыктыра баштаганын кошмчалашат.

Derin Ekonomi басылмасы “алдыңкы ондукка кирген айрым лидерлер коомчулукка жакшы тааныш эмес болушу мүмкүн, бирок 2018-жылы дүйнө аларды кылган иши аркылуу терең биле баштайт” деп белгилешет.

Ал эми түрк басылмасынын серепчилеринин оюу боюнча дүйнөнү өзгөртүп жаткан он лидердин катарынаа Бириккен Араб Эмирлигинин тышкы иштер министри, шейх Абдулла бен Зайд аль-Нахайян, АКШнын Федералдык тергөө бюросунун (ФБР) жетекчиси Роберт Мюллер, Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман бар.

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

2 × 5 =