Атамбаев “Кыргызстандын душманы” деген Жамалдинов жазага тартылышы мүмкүн… (видео)

Каганат.

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов куралды туура эмес сактаганы үчүн административдик жоопко тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу басылмаларга Ош облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка таянсак, эл өкүлү, ок атуучу куралдарды сактоо тартибин колдонгон эмес. Ал  куралды атайын сейфте сактоо керектигин билген эместигин, уурдалган куралдар үйдө сандыкта сактаганын айткан. 

2018-жылдын 4-январь күнү белгисиз адамдар депутаттын Ноокат районунда жайгашкан үйүнө терезе аркылуу киришип, мыйзамдуу түрдө колдонуп келген сайлуу жанан сайсыз эки ок атуучу куралды уурдап кетишкен.

Бул боюнча арыз менен депутаттын А.Ж. аттуу агасы кайрылган. Анын билдиришинче, ошол учурда үйүндө эч ким жок болгон. Бул боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-

беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 2017-жылы 15-ноябрда Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында, “Зиядин Жамалдинов энергетика жана жолдор үчүн насыя алып эмне кылабыз деп кыйкырып чыккан, ал Кыргызстандын душман”,-деп билдирген эле.

Атамбаевдин айтымында, депутаттар убагында азыраак кыйкырышса көп насыя алууга мүмкүн болмок. Ал ошондуктан, «парламентте кыйкыргандарга кулак салбай насыя алуу керек. Эгерде парламент тоскоол кыла турган болсо, бизге мындай парламенттин кереги жок» деп кошумчалаган.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов буга чейин тышкы карыздын үчтөн бир бөлүгү же болжол менен 1 млрд 200 млн доллар жолдорду курууга кеткенин билдирген. “Биз жолдорду оңдоп жатабыз, куруп жатабыз, бирок бир жылдан кийин эле кайра оңдоо керек болуп жатат”,-деген болчу.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

18 + 15 =