Бүгүн: 8-январь… Дата…Окуялар…Фактылар…

Каганат.

Аба-ырайы…

 Бүгүн, 8-январда күндүз аба-ырайы жылуу, Бишкекте жаан-чачын  күтүлбөйт деп билдирет Кыргызгидромет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы   4-9 м/с жетет. Күндүз абанын температурасы  +3…+5, – 6-8 градус суук күтүлөт…

Ал эми күн санап «куну» көтөрүлгөн доллардун курсу, бүгүн 8 –январда Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайларда сатып алууда 68,86 сомго, ал эми сатууда 69, 20 сомго бааланууда. Ал эми кечээ 7-январда доллар 68,86 сомго сатылган жана сатып алуудагы баасы 69,19 сомду түзгөн.

 Бүгүн, тактап айтканда 1983-жылы 8-январда Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын туулган.  Ал  Түндүк Кореянын мурдагы лидери Ким Чен Ирдин эӊ кичүү уулу. Ким Чен Ындын туулган жылы мындан да кечирээк болушу мүмкүн. Төрөлгөндүгү тууралуу так маалыматтардын жоктугун Түндүк Кореянын лидери өзүнүн жашынан улуу көрүнгүсү келгендиги менен түшүндүрүп келишет. Ал эми Түштүк Кореянын чалгынчылары Түндүк Кореянын лидери 1983-жылы 8-январда туулган деген тыянакка токтошкон.

 8-январь, 1954-жылы акын жана котормочу, Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү Карбалас Бакиров туулган. Ал 2003-2006-жылдары Түркиянын Сивас, Элазыг шаарларында өткөн Түрк тилдүү өлкөлөрдүн акындарынын эл аралык жолугушуусунун жана “Хазар поэзия кечтери” фестивалынын катышуучусу.

8-январда, 1962-жылы төкмө акын, обончу, маркум Майра Керим кызы туулган. Ал 2009-жылы рак оорусунан улам каза таап, сөөгү Тоң районунун Ак-Сай айылына коюлган. Төкмө акын эл аралык көптөгөн сыйлыктарды жеңген жана 50дөн ашык обондун ээси. Айрыкча “Жар керек”, “Сени сүйгөн бир адам бар” деген  ырлары эл арасында кеӊири белгилүү.

8-январда 1910-жылы  россиялык атактуу  балерина Галина Уланова туулган. Галина Уланова союз мезгилинин атактуу балет артисти катары белгилүү. Ал балетмейстер жана педагог, Ленинграддагы академиялык опера жана балет театрынын жана СССРдин академиялык чоӊ театрынын прима-балеринасы болгон

1935-жылы 8-январда Англияда рок-н-роллдун падышасы Элвис Пресли дагы жарык дүйнөгө келген 

 

Бул күн кайгылуу окуялар менен дагы белгилүү. 2006-жылы 8-январда өлкөбүздүн XX кылымдагы мыкты балбаны аталган Раатбек Санатбаевди борбордун 7-кичи районундагы күркөлөрдүн биринен сүт алып бейкапар чыгып келе жаткан жеринен атып кетишкен.

1894-жылы 8-январда  айтылуу сүрөтчү В. Верещагиндин кыргыз турмушун чагылдырган сүрөт жыйнагы жарык көргөн. Анын “Бай кыргыз аңчысы шумкар менен”, “Кыргыз кыз”, “Ысык-Көл жээги”, “Барскоон капчыгайы” сыяктуу сүрөттөрү кыргызстандыктарга тааныш.

 Ал эми Японияда ар жылдын  январынын экинчи дүйшөмбүсү жашы жеткендердин күнү катары белгилүү.  Сейдзин-но Хи деп аталган күнү жаштар өспүрүм курактан өткөндүгүн белгилешет.

1851-жылы 8-январда физик Жан Бернар Леон Фуко өзү ойлоп тапкан аппараттын негизинде жердин айлана турганын далилдеген. 

  1861-жылы 8-январда Санкт-Петербургда Вокруг света» журналынын алгачкы саны жарык көргөн.  «Вокруг Света» журналы дүйнөдөгү таанып-билүү жаатындагы алгачкы журнал

болуп эсептелет. 

8-январь ошондой эле  атактуу Ржев салгылашынын башталышы катары дагы белгилүү. Улуу Ата Мекендик согушта 1942-жылдын 8-январында башталып, 1943-жылдын 31-мартында аяктаган бул Ржев салгылашы Батыш жана Калиниград фронтторун бириктирген эӊ каардуу салгылаш катары тарыхта калган.

 8-январда 59 жыл мурун 1959-жылы  Шарль де Голль Франциянын алгачкы президенти болуп шайланган. 

 Бул күнү италиялык физик, механик, астроном, философ жана математик Галилео Галилей 77 жашында көз жумган.

8-январь,  2015-жылы  Америкалык окумуштуулар антибиотиктин жаңы түрүн – теиксобактинди ойлоп табышкан.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

2 × бир =