Бөтөн жерди башпаанек кылып кеткен Бабановдон БШКга арыз түшө элек

Каганат.

Жогорку Кеңештин “Республика – Ата журт” фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановдун депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурун алуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына расмий арыз түшө элек. Бул тууралуу БШКнан билдиришти.

“Республика-Ата журт” фракциясынын депутаты Өмүрбек Бабанов Жаңы жылдык майрам алдында билдирүү таратып, депутаттык мандатын өз эрки менен тапшырып, саясаттан кете турганын айткан. Ал партиялык ишмердиктен да кетип жатканын белгилеген.

Ал эми борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына таянсак, азырынча Бабановдон БШКна арыз түшө элек. Депутаттын өзүнөн арыз келмейинче мандатын башка талапкерге  берүү маселеси каралбайт.

– Мыйзамдагы нормага ылайык Бабановдун өзүнөн арыз келип түшуүгө тийиш. Ошондон кийин БШК чечим кабыл алыш үчүн маселени карайт-деп билдирет БШК.

Депутаттык мандатын өз эрким менен тапшырам, партиябыздын тизмесиндеги кийинки талапкер депутат болот. Бул адилеттүүлүктү, акыйкатты орнотууга жол ачат» деп жалпы-журтка жар салган Өмүрбек Бабанов азырынча арыз жазууга шашылбагандай.

Ал эми “Республика Ата Журттун” мурдагы ана башчысы «быйылкы президенттик шайлоо демократиянын жана атаандаштыктын негизинде өттү, мында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин салымы чоң болду” деп актанган сайын, коомчулук Атамбаев акыйкат шайлоо өткөрсө Бабанов анда неге бөтөн жерди башпаанек кылып кетти деген суроого жооп издөөдө.

ке салсак, президенттик жарышта бийлик талапкери менен негизги атаандаш болгон “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ага Башкы прокуратура үгүт учурунда Оштун Он-Адыр конушунда сүйлөгөн сөзү үчүн 4-ноябрда “конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу” деген беренелердин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он үч − 5 =