Бишкектеги кафелердин биринин ашканасынан өрт чыкты

Каганат.

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын Гоголь көчөсүндө жайгашкан (Чүй проспектисинин кесилиши) кафелердин бириндеги ашканадан өрт чыкты.  

Маалым болгондой,  өрт кырсыгы 8-январда катталган. Өрт тууралуу маалымат саат 05:08де келип түшкөн, өрт өчүрүүчүлөр барып, саат 06:23тө толук өчүрүшкөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.  Ашкананын 110 чарчы метри күйүп кеткен.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

беш × 5 =