Эч ким жашабаган үйгө куралдын эмне кереги бар?

0

Каганат

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү – Прогресс” фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдиновдун Ноокат районунун Жал айылындагы үйүнөн мергенчилик эки курал жоголгон.  Эл өкүлү ок атуучу куралдар жоголгон үйүндө эч ким жашабаганын белгилейт.

– Куралдар кадимки эле аңчылык мылтыктар. Лицензиясы, уруксат кагаздары бар, мага расмий катталган. Азыр милиция иликтөө жүргүзүп жатат-деди эл өкүлү. 

Маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгы  дагы ырастады. Ал эми айылдын тургундары депутаттын эч ким жашабаган үйүнөн курал жоголгондугу үчүн дүрбөлөн түшүп, ар бир үй тинтүүгө алынып жатканын кабарлашты. Эч ким жашабаган үйгө курал коюп, элди дүрбөтүүнүн кажети канчалык?

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

4 × 4 =