Премьер -министр Артем Новиковго  Кубанычбек Кулматовго сөгүш жарыялады

0

Каганат.

 Премьер министр Сапар Исаков  Экономика министри Артем Новиковго, Кубанычбек Кулматовго сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой,  “ЕАЭБдин Бажы Кодекси тууралуу келишимди ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун даярдоодо милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бир катар кызмат адамдарына сөгүш жарыяланды.

Тийиштүү буйрукка Премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Буйрукка ылайык, сөгүш Кыргыз Республикасынын экономика министри Артем Новиковго, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго жарыяланган.

 Ал эми Экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаевге, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиевге катуу сөгүш жарыяланды.

Мындан тышкары, Өкмөт аппаратынын бир катар кызматкерлери милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн кызматтан бошотулду.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков  «2017-жылдын 11-апрелинде  Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койгон.

Мыйзам  Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 30-декабрында кабыл алынган.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он сегиз − 1 =