Эскерүү: “Каркыраны кыргызыма кайрып бер” – деп, жүрөгү “Кыргыз” деп соккон Майра Керим кызы

0

Каганат.

Төкмө акын, ырчы жана обончу катары кыргыз-казакка белгилүү төкмө акын Майра Керим кызынын көзү тирүү болгондо бүгүн 8-январда 56 жашка толмок. Казак кызы, кыргыздын ак маңдай төкмө келини   2009-жылы  18-август күнү узакка созулган илдеттен улам дүйнөдөн кайткан.  

  Майра Керим кызы 1962-жылы Алматы облусунун Кеген районундагы Жылуу-Сай айылында туулган. Үй-бүлөдө жети бир туугандын бешинчиси эле. Анын көзү өтүп кетсе дагы  элеси кыргыз элинин жүрөгүндө өлбөс, өчпөс бойдон сакталуу. Кыргыз деп күйгөн акын, кыргыз-казак айтышында ,  казактын кызы болгонуна карабастан,  “Каркыраны кыргызыма кайрып бер” деп ырдап далайларды элжиретип, кыргыз элинин жүрөгүнөн түнөк тапкан.

Өңүттө кеткен өкүнүч

Эң өкүнүчтүүсү  “Көзүм өтүп кетсе, менин күйөрмандарым менен Кыргыз опера балет театрында коштошуу расмисин өткөрүп койгула” деген атактуу төкмө акындын акыркы аманаты аткарылбай калды. Бир жарым жыл онкология ооруканасында өмүр менен өлүм алпурушуп, айгашкан дарт акыры  акындын  колундагы домбурасы менен комузун жетим калтырды.

Кош өнөрдү эгелеп, кош тилди эгиз деп, комуз менен домбуранын кылдарындай дирилдеген талант   мамлекеттик сыйлыктан кур кеткен. Айтпаса мындай таланттуу айымды маданият өнөрканасына энчилеп бергендей ар бир айтыш жеңиштерде ырахаттанып, кол чаппадык беле. Кезинде Майра Керим кызы Кыргызстанда кыздар ичинде аты чыккан жалгыз төкмө акын экенине карабай бир да мамлекеттик сыйлыкка татыбагандыгы каңырыкты түтөтөт. Убагында татыктуу сыйлык өз ээсине  берилбей калгандыгы арман дүйнө эмей эмине. Бүгүн эрте десек, эртең кеч болуп калаарын тийешелүү мекемелер, бийлик башындагы аткаминерлер билсе да билмексенге салып келет. Бул өнөр ээлерин сыйлай албаган түркөйлүктүн бир белгиси десек да жаңылышпайт чыгаарбыз.    

  Кыргызга кантип келин болуп калган?

Майра Керим кызынын жолдошу аны менен кантип табышып калганын мындайча баяндаган: “Нике кайып буюруп турса кайдан болсо да табышат экенсиң. Мен ал кезде Казакстанда иштеп жүргөн кезим. Курулушчу балдар менен мейманканада түнөп, кафеден тамактанып жашап жүрчү элек. Ошондой күндөрдүн биринде кафеде, маңдайымда татынакай бир кыз тамактанып отуруптур. Көздөрүбүз чагылыша түштү. Мен жалдырап эле отуруп калдым. Майра тамагын ичпей туруп кеткени эсимде. Андан 10 күн өтүп-өтпөй мейманканада кездешип калдык.  Майра эжеси менен жездесинин үйүндө мейманда жүргөн кези экен. Ал күнү эже-жездеси алысыраак конокко кетип, үйдүн ачкычын таштабай, унутуп кетишиптир. Анан Майра айла жок мейманканага түнөгөнү келиптир. Ошол жерден атыбызды атап тааныштык. Жылдызыбыз келишип, көпкө чейин жылуу мамиледе жүрдүк. Анан Майраны Балкаштын жээгинен Ысык-Көлдүн жээгине алып келип алдым” деген.  Майранын  ырларынан тагдыр табыштырган жолдошуна арналган саптарды табууга болот. Ал өмүрлүк жары Канатка ыраазычылыгын билдирип өткөн.

 Айыкпас дарт

Ал эми  оор басырыктуу мүнөзгө таандык Майра өзү жөнүндө өлөөрүнөн бир жыл мурун  “Дартка чалдыгып, турмуштун дагы бир сыноосун башымдан кечирип жатам. Дартты жеңем, өмүрдүн калган бөлүгүндө түмөндөгөн ийгиликтерди багынтам деген улуу сезим менен күн кечирип жатам. Алгач “рак” деген бүтүмдү укканда чочуп кеттим. Операция үстүндө ак халатчандар кейип турушту. Профессор Мамбет Мамакеев агабыз реанимацияда жаткан абалымды көрүп, “неге мынча кеч келдиң?”-деп дубалды эки-үч ирет коюп-коюп жиберди. Белгилүү дарыгер абабыз өкүнүп жатты” деген эле.

 Майра Керим кызынын чыгармачылыгындагы бир артыкчылык

Ал эки элдин – казак менен кыргыздын өнөр үлгүлөрүн өзүнө сиңирип алган. Анын философиялык өмүрү – өлүм, жашоонун максаты жөнүндө дастандарын уксаң бир баштаганын аягына чейин бир дем менен угасың, чалкыган кеңдикти, адамдык аруулукту, айкөлдүктү туясың, адамды арбаган жөнөкөйлүк бар, кыргыз ырларын аткарганда келиштире кештелеп кадимки эле биз күндө угуп жүргөн ырларга казактык боёк сүртө коёт, анысы тим эле ырдын ажарын ачып ийет.

Акын Майра Керим кызы  Кыргызстанга көчүп келгенде  кыргыздар менин домбурамды түшүнүшөр бекен деген ойлор тынчын алган. Бул түйшөлткөн ойлору кыргыздын талантты баалай билери кыргыз эли өнөр сүйүүчүлөрү экендигин көрүп кубанган.   

Майранын 252 ыры бар. Анын 39уна обон жаралган. Айрыкча “Жар керек”, “Сени сүйгөн бир адам бар” деген сыяктуу ырлары Кутман Жолдошевдин аткаруусунда ыр сүйүүчүлөрдүн жүрөк түнөгүнөн орун тапкан.

Уучун улай турган уулу бар

Майра Керим кызынын  өнөрүн улай турган Акжол аттуу уулу турганда Майра кыргыз-казак элинин жүрөгүндө өчпөй жашай берет.  Анын артында эмне калды. Талантына тамшанган, оюнуна агылган эли калды. Жан дүйнөсүнөн агып чыккан ырлары калды. Жаркылдаган пейилин, адамкерчиликтүү өзгөчө инсан экендигин дааналаган өнөр адамдары, комуз, домбура жашап турганда Майрадай төкмө акын эч качан эл эсинен чыкпай, ыр-күүлөр жаңырган жерде Майранын да аты жаңырып турарлыгында шек жок.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

20 − алты =