Сотторго сот жокпу?… 3 миллиард сомду айлыкка  короткон Жогорку Сот турганда Кыргызстан тышкы карыздан кутулбайт

Каганат.

5 жылда 3 миллиард сомду айлыкка  короткон Жогорку Сот турганда Кыргызстан тышкы карыздан кутулбайт

«Сот реформасы жүргөн жери жок» деп акыйкаттык издеген карапайым калк какшаганы менен экс-президент Алмазбек Атамбаев «сот реформасын ишке ашырдым» деп компоюп эс алууга кетип калды. Эми ал кеткенден кийин Жогорку Сот мамлекеттин бюджетин беш жылда оӊбогондой «оюп» салганы ачыкка чыкты. Албетте, бардыгы мыйзамдын чегинде, болгону кайсы эмгектери үчүн деп карапайым калк башын катырып отурат.

 2013-жылы Жогорку Соттун чыгымы  533 млн сомду түзүптүр. Ошондон бери чыгымдары  60% жогорулап,  2017-жылы 1,3 млрд сомду түзгөн. Жогорку Сот жалпысынан беш жылда 4,6 млрд сом чыгымдаса, алардын ичинен 3 млрд сом айлыкка эле кетиптир.  

  Жогорку Соттун 2013-жылдагы чыгымдарынын 70 пайызы, тактап айтканда 384 млн сом айлыкка кеткен. Ошондо Социалдык фондго кеткен төлөмдөр   59 млн сомду түзүптүр.  2014-жылы жогорку сот органынын чыгымы  40%  же болбосо   886 млн сомго чейин көтөрүлгөн. Сот кызматкерлери ал учурда дээрлик   600 млн сом айлык алышкан. Имараттын ремонтуна  40 млн сом чыгымдалган.

 2015- жылы соттор 40 миллион айлыкты көп табышып, тактап айтканда Жогорку Сот айлыкка эле   640 млн сом чыгымдап, жалпы чыгым 980 млн сомду түзгөн. Ал эми имараттын ремонтуна  77 млн сом жумшалган, 17 млн сомго жеӊил унаалар сатылып алынган. Мурунку жылы эле 40 миллион сомго имаратты ремонт жасаган Жогорку Сот кайра дагы миллиондорду жумшаганга эмне себеп болгондугу белгисиз.

Кийинки жылы Жогорку Сот  21,8 млн сомго кошумча унааларды сатып алган. Ал эми айлыкка 673 млн сом жумшалган. 2016-жылы Жогорку Соттун чыгымы 1,1 млрд сомго чыгып, компьютердик жабдуулар эле  10 млн сомго сатылып алынган.

 

Ошентип отуруп, 2013-жылдан бери Жогорку Сотто айлык акы 45,6% жогорулаган  же болбосо 2013-жылы 384 млн сом айлыкка деп каралса 2017-жылы 707 млн сом каралган. 

 Жогорку Соттогулар арбын айлыктан башка жогорку ыӊгайлуулукту дагы жакташып, бул үчүн 47 млн сомго унаа,   10 млн сомго офистик жабдууларды, 50 млн сомго компьютердик жабдуулары сатып алышкан.

   Мындай карасаӊ жөндүүдөй, бирок, өлкөнүн карызы өткөн жылдын  июнь айына карата 4 млрд 243 долларды түзгөнү белгилүү. Каржы министрлиги мамлекеттик карыздын ичинен тышкы карыз 3 млрд 868 млн долларды, ал эми ички карыз 375 млн долларды түзгөнүн кабарлаган. Бул карыздар көбөйбөсө, азайган жери жок. 5 жылда 3 миллиард сомду айлыкка  короткон Жогорку Сот турганда Кыргызстан тышкы карыздан кутулбайт өӊдүү.

    Ансыз да карапайым калкты  саясый куугунтуктардан улам сот аркылуу канчалаган тагдырлардын талкаланып жатышы нааразы кылып турганда  соттордун элдин эсебинен тайраӊдашын кантип түшүнүүгө болот? Же соттор башкачабы? Күнү-түнү элдин саламаттыгын ойлогон дарыгерлер, агартуу тармагында эмгектенген мугалимдер булардын алган айлыгынын бештен бирин дагы алышпайт экен. Кекиртекти «кернейдей» созо берүүнүн дагы чеги болушу керек го акыры…

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

3 × эки =