Тарых тактасында: ХIХ кылымдын 60-70-жылдарындагы орус-кокон мамилелери

0

 

 Каганат.

1865-жылы Ташкенттин алдында Орусиянын колониалдык армиясынын генералы М.Г.Черняев менен салгылашып жаткан Кокон хандыгынын лашкер башчысы Алымкулдун 9-майдагы өлүмүнөн кийин  Бекмамат менен Атабектин башчылыгында кыргыз кошуундары, кокон сарбаздары Ферганага кайтып, кыргыз, кыпчак төбөлдөрү 16 жашар Кудайкул бекти (Белбакчы хан) такка отургузушкан. Көп узабай Бухара эмири Музаффар 1865-жылдын 15-июлунда Кудаярды ордуна коюуга аракеттенип, Коконго кирген.

Алдаяр бектин башчылыгындагы эмир Музаффардын жакшы куралданган армиясынын чабуулунун астында кыргыздар жана кыпчактар Фергананын чыгышына карай Ош аркылуу Мады кыштагына чейин согуш менен чегинип келишкен. Кудаяр хандын башчылыгындагы экинчи жолку жазалоо отряды менен сентябрь айында болгон кагылышта кыргыз-кыпчактардын кошуунунун басымдуу көпчүлүгү талкаланып калган. Калган 7000дөй атчан, 400 жөө сарбаз жана 30 замбиректен турган артиллерия Белбакчы ханды коштоп, кыргыз Ыкын мырза, Алымкул өлгөндөн кийин кокон аскерине башчылык кылган кыргыз паңсаты Бекмамат, Ташкент вилайетинин мурунку беги Мырза Акмат кушбеги, кашкардык Бузурук хандын эки ата өткөн тууганы Катта Төрөнү алышып Кашкарды карай жөнөшкөн. Алардын артынан 12 миңдей жеңил куралданган кол менен кууган Кудаяр хан Сопу-Коргон ченде качкындарга жеткен да, кармашта Белбакчы хан менен кыргыздардын бир бөлүгү Чоң-Алай тарапка, ал эми кыпчактардын жана кыргыздардын 3—4 миңдей тобу Терек-Даван аркылуу Кашкар тарапка ооп кеткен. Замбиректери менен кача албай калган сарбаздар жана 800гө жакын жоокерлер колго түшкөн. Кудаяр хан жеңиш менен ордого кайткан.

Кашкарга качкан кыргыздар менен кыпчактарды Алымкул аталык өлгөндөн кийин Кокон хандыгынан кол үзгөн Жакыпбек ал жерде көп тургузган жок. Себеби, Жакыпбек үчүн Чыгыш-Түркстанда көчүп-конуп жүргөн кыргыздар деле аскер кызматына жетиштүү эле. Натыйжада качып баргандардын көбү Ферганага кайтып, кыргыз, кыпчак жоокерлери кайрадан көтөрүлүшкө чыгышты, көп өтпөй Араванды ээлеп алышты[1].

            Мындай кырдаалда элдин нааразылыгынан жана көчмөндөрдүн толкундоолорунан чочулаган эмир Музаффар Фергана өрөөнүн кармап туруудан айныйт да, Кокон тагына Кудаяр ханды үчүнчү жолу отургузуп, Бухарага кайтат. Эмир өзү менен кошо бир нече көрүнүктүү усталарды, толгон мүлктү, колго түшкөн замбиректерди жана гареми үчүн 400 сулуу кызды[2] (анын ичинде Кудаяр хандын карындашы да бар эле) ала кеткен.

Кыргыз, кыпчак көчмөндөрүнүн курал таштабай тынымсыз бийлик талашууга кылган аракеттери Музаффар менен Кудаярды гана эмес,  орус бийликтерин  да  тынчсыздандырган. Ош шаарынын тегерегиндеги көчмөндөр эми Маргалаң менен Оштун акими Кудаяр хандын иниси Султан Мурат бектин айланасына топтолушкан. Султан Мурат 1866-жылдын эрте жазында Ош чөлкөмүндө зекет чогултуп жүргөн. Кудаярдын бөлөсү Мадаюб бектин пикири менен 200—300 кыргыздар жана кыпчактар Султан Мурат бекти хандыкка көтөрүп, Кудаяр ханды тактан алып таштоону сунуш кылышкан. Буга Султан Мурат бек каршы чыккан, ал түгүл козголоң жөнүндө Кудаяр хандын өзүнө билдирип койгон. Ушуга байланыштуу козголоң ордунан чыкпай, Мадаюб бек даргага асылган.  Бирок,  кийин деле тоолуктар толкундоолорун улантышып, бийлик талашуу оюнан кайтышкан эмес.

            Убактылуу жеңилүүгө учураган кыргыз-кыпчак бийлери тактикалык чегинүү жасап, Кудаяр ханга таазим кылып келип жатышты. Алайдан атайын түшкөн Курманжан датка Коконго келип ханга салам берип кетти. Кудаяр хан энеси Жаркынайым менен жакшы ымалада болгон Курманжандын “датка” титулун дагы бир жолу расмий бекитип, белек-бечкек берип жөнөткөн.

Коконго ээрчите барган тун уулу Абдылдабекти 1865-жылы Ташкенде Алымкулдун кошууну менен оруска каршы кармашта мерт болгон Жаркынбайдын ордуна Ошко аким дайындатып, бир топ жерден харадж чогултууга укук алып кайткан. Кыргыз көчмөндөрүнө таасири зор Курманжандай инсандар Кудаярдын бийлигин тааныгандыгы башка кыргыз-кыпчак бийлеринин тынчышына алып келген.

            1866-жылы 18-майда Ирджар чебиндеги Бухара кошуунунун орус аскеринен жеңилип калышы менен Кожент шаары кайрадан Коконго өтүп, ага кыргыз бийи Молдо Тойчу датка аким коюлган. (Бирок ал сентябрда Кожентти орус армиясы басып алганга чейин гана бийлик кылган.) Бул фактылар хан менен тынчы жок кыргыз-кыпчак бийлеринин убактылуу жарашуусун көрсөткөн.

            Кокондо жогорудагыдай окуялар жүрүп жаткан мезгилде, орус колонизаторлорунун басып алуулары уланып жаткан. Бийликке бирөөнүн күчү менен келген Кудаяр хан Орусия жүрүштөрүнө каршылык көрсөтмөк турсун, өз жанынан коркуп, ордодон эч жакка чыккан жок. Орус бийликтерине тескерисинче жагынуу, кошомат кылуу аракетине өткөн.      

1866-жылы Коженттин, Бухара ээликтери Оро-Төбөнүн жана Жызактын орус аскерлери тарабынан каратылышынан кийин Кокон хандыгынын чөлкөмү негизинен Фергана өрөөнү

менен гана чектелип калган. Бухара менен түздөн-түз карым-катнаш үзүлгөн. Кокон ханы Кудаяр бул окуялардан кийин ички маселелер менен гана алек болуп жатты. Анын үстүнө Кокон хандыгынын 1865-жылга чейинки ээлиги болуп келген Ташкент 1867-жылы Түркстан генерал-губернатор-лугунун борбору болуп саналган. Ошондуктан ал Орусиянын басып алууларын айласыздан таанып, Ташкент менен дипломатиялык мамилеге өтүүгө аргасыз болду.

 Кокон мамлекетинин учурдагы абалы жөнүндө жергиликтүү орус бийликтеринин өкүлдөрү олуттуу пикирлерди айткандыгы маалым. Мисалы, К.П.Кауфман алгачкы күндөрдө Петербургга Орусиянын Түркстандагы абалынын бекем экендигин, Кокон жана Бухара тургундарынын  орус бийликтери менен тынч мамиледе тургандыгын, ошондуктан согуш саясатынын азырынча максатка ылайык эмес экендигин билдирген[3]. Ал эми Оренбург генерал-губернатору Н.А.Крыжановский 1866-жылы 1-июлда Согуш министри Д.А. Милютинге жазган катында — … Кокон өкмөтү биздин бийликке баш ийүүсү жөнүндө өзү демилге көтөргөндөй саясат жүргүзүү зарыл…,  керек болсо Кудаяр хан  Орусиянын вассалы болуп калууга тийиш…,— деген оюн айткан[4]. Кийинки жылдары орус—кокон мамилелери так ушул таризде өнүгүп жатты.

            Бир катар сүйлөшүүлөрдөн кийин, 1868-жылы 29-январда Кудаяр хан менен К.П. Кауфман соода келишимине кол коюшту. Документ соодага арналганы менен анын максаты башкада болгон. Келишим боюнча Орусия төмөнкү укуктарга: —  1) Эки тараптан кирген товарларга 2,5 % зекет салуу; 2) Эки тараптын көпөстөрүнө эки жактын тең ээликтеринде эркин соода жүргүзүүгө жана кербен-сарайларды салууга; 3) Орус соода агенттеринин Кокон хандыгынын каалаган жеринде иш жүргүзүүгө; 4) Кокондун бардык шаарларында орус кербен башчыларынын жайгашышына; 5) Хандыктын чөлкөмү аркылуу орус кербендеринин каалаган жакка тоскоолдуксуз өтүүсүнө кеңири укуктар берилет[5].

Ошентип, бул келишим Кокон хандыгын Орусиядан вассалдык көз карандылыкка алып келген[6].

Кудаяр хандын кийинки аракеттери жогорку пикирлерди ырастаган. Ал падыша өкмөтүнөн качкан качкындарды кайтарып берип турган, соодагерлер менен кошо келген түрдүү саякатчы, илимпоз кейпиндеги чалгынчыларга Кокон чөлкөмүн кыдырууга дайыма уруксат берген. Мисалы, А.П. Хорошкиндин өкүлчүлүгү (1868), Иванов деген табият таануучунун Кокондон Нарынга чейин өтүп, кайра кайтышы (1868), Краузе аттуу табият таануучунун Наманган чөлкөмүндө табылган нефти булагына барып келиши (1869), Верещагиндин Кокондо болушу (1869), К.В. Струвенин географиялык изилдөөлөрү жана Кокон хандыгынын картасын түзүшү (1870), А.П. Федченконун Алай, Памир тоолоруна болгон саякаты (1871) жана башкалар. Ушул жылдары европалык саякатчылар Друцкий менен Адамоли да Кокондо болушкан.

  Кудаяр хан тышкы саясатта өз алдынча иш жүргүзө албай, олуттуу маселелер боюнча К.П. Кауфман менен кеңешип турган. Орус бийликтеринин жардам берүүсүнө толук ишенип

калган Кудаяр хандыктын куралдуу күчтөрүн өнүктүрүүнү да унуткан. Ички иштерде ал кээ бир курулуштарды курдуруп, анча-мынча ирригациялык системаларды оңдоттурганы болбосо, негизги саясатты хан казынасын, башкача айтканда, өз чөнтөгүн толтурууга гана багыттаган. Ошол эле учурда орус өкмөтүнүн куралдуу күчтөрүнө көмөк көрсөтүп, чек арага жакын турган аскерлерди азык-түлүк, жем-чөп менен камсыз кылууну мойнуна алган.

Кудаяр хан падышага жагынуу үчүн ал турсун Петербургга элчи жиберүүнү К.П. Кауфмандан суранган. Генерал буга макул болуп, натыйжада орус тилин жакшы билген Хаким Уманов деген киши борборго жиберилген. Александр II элчиге жана Кудаяр ханга белек-бечкек берип жиберген. К.П.Кауфмандын рапортунун негизинде, хан бриллиант жылдыз кадалган I даражадагы Станислав ордени менен сыйланган. Кудаярдын уулуна да Орусияга саякаттап келүүгө уруксат берилген. Ошентип, бир аз убакытта эле Кудаяр хандын кошоматчылык саясатына байланыштуу Кокон хандыгы Орусиянын факты жүзүндөгү жарым колониясына айланган.

Кокон хандыгынын чөлкөмдүк кичирейиши казынага түшүүүчү алык-салыктардын көлөмүн кескин кыскарткан. Бул аскердик чиндердин, бийлик башындагы феодалдардын кызыкчылыгына терс таасирин тийгизген. Жоголгон байлыктын ордун толтуруу зарылчылыгы ички алык-салыктарды кескин көбөйткөн, эзүүнүн күчөшүнө алып келген.

1865-68-жылкы окуялардан кийин кыргыз, кыпчактардын Кудаяр ханды алмаштыруу үчүн жүргүзгөн күрөштөрүнүн тизими башталган. Муну орус бийликтери да байкашкан. Көчмөндөрдүн Кудаяр хандын иниси Султан Мурат бекти мураскорлукка көрсөтүшү бул аракеттерди далилдеп турат.  Курманжан датканын Коконго келип Кудаяр ханга жолугуп кетишине, Кудаярдын кыргыз бийлерин өз тарабына тартууга кылган аракеттерине карабастан бул тенденция улам күчөй берген. 1867-жылы жазда Алайдагы Кызыл-Коргондогу, 1870-жылы Алайдагы, 1871-жылы жазында Сохтогу көтөрүлүштөр буга мисал боло алышат.

Ошол эле жылы «Батыр хан төрөнүн козголоңу» деп аталуучу окуя жөнүндө маалымат бар. Кийинки жылдары майда көтөрүлүштөр жана толкундоолор Фергана чөлкө-мүнүн бардык жерлеринде тынымсыз чыгып турган. Алардын ичинде Алай чөлкөмү толкундоолордун бирден бир очогу бойдон кала берген.

            Ошентип, 1868—73-жылдардын ичинде 1868-жылы орус—кокон, орус—бухара, 1873-жылы орус—хива келишимдери Орто Азиянын үч хандыгын Орусиянын вассалына айландырып, 1871-жылы Кулжаны басып алуу, 1872-жылы орус—кашкар, 1872—73-жылы англо—орус келишимин түзүү эл аралык деңгээлде падышачылыктын экспансиялык максаттарына кеңири жол ачкан. Кудаяр хандын зордук-зомбулугу, Орусиянын басып алуу саясатынын күчөшү кыргыз, кыпчак көчмөндөрүнүн элдик кыймылды баштоого өбөлгө түзгөн.

 Эскертүүлөр:

 Наливкин В. Краткая история…—203-бет.

  1. Набиев Р.Н. Из истории Кокандского ханства…—70-бет.
  2. Киняпина Н.С., Блиев М.М., Дегоев В.В. Кавказ и Средняя Азия во внешней политике России.— М., 1984.—280-бет.
  3. Сребренников А. Туркестанский край. Сборник материалов…—Ч.2.—Т.,1914.—231-бет.
  4. Терентьев М.А. История завоевания…—Т.1.—401-бет.
  5. Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы.-Б.,1997.-151-181-бб.

Автор: Ташманбет Кененсариев

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор,

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

11 + алты =