Вице-премьер-министр кызматына ким келээри белгилүү болду

0

 Каганат.

Өкмөт башчы Сапар Исаков Санжар Муканбетовду вице-премьер-министр кызматына сунуштады.

Премьер-министрдин   сунушу эртең 9-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде талкууланып, 10-январда жалпы жыйында каралат.

Белгилей кетсек, буга чейин вице-премьер-министр  Толкунбек Абдыгулов  кызматтан бошотулган.  Абдыгулов  Улуттук банктын төрагасы болуп кайрадан дайындалган.  Учурда  вице-премьер-министрдин  орду бош турат.   

Санжар Муканбетов учурда Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматтын жетекчиси.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он төрт − 8 =