«Жебеген адам жердин астында» же Айтмамат Кадырбаевдин “алкымына” канча батир батат?

0

Каганат

Ордолуу Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев өткөн жылы  экс-президент Алмазбек Атамбаевди сындагандарды  Айт күнү каргап, карапайым калктын үрөйүн учурган эле. Көрсө, каргыш «жаадырган» жагынан алдына адам салбаган Айтмамат Кадырбаевдин «алкымы» дагы чоӊ экен.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда  Айтмамат Кадырбаев Ош шаарына көп кабаттуу үй салууну көздөгөн компаниялардан бирден батир пара сурап жатыптыр. Тактап айтканда, шаарга көп кабаттуу үй куруу ниети менен келген ишканалардын жетекчилерине  болбогон себептер менен уруксат бербей, жанындагылар аркылуу пара суратат экен. Бул тууралуу бир нече үй куруучулар нааразы болуп, «алкымы» чоӊ мэрдин айласын ким табат деп аргалары куруп жатыптыр.

Үй кура турган компаниялардын мыйзамда бекитилген документтери толугу менен даяр болсо дагы мэрия тарабынан бериле турган акыркы документтерин кармап жаткан мэрдин шылтоосу деле «суу кечпейт» дешет. Мэрдин  жанжөкөрлөрү “шефке жолугуштуралы, сүйлөшөлү. Курула турган үйдөн шефке 1 батир берсеӊ эле иш бүтөт”,-дешет экен.  Шаардын бюджети алкымы чоӊ Айтмамат «сугалактын» айынан толбой жаткан көрүнбөйбү.

Эми эсептеп көрөлү, эки  подьездүү көп кабаттуу үй курулса минималдуу эсептегенде эле шаар бюджетине  15 миллион сом салык түшмөк. Курулуш ишине 150дөн ашык адам тартылып, айлык алышмак. Жер кепедей эски үйлөрдүн ордуна асман тиреген кооз имарат түшмөк. Оштогу кирпич, цемент, жыгач ж.б курулуш материалдарын саткандардын бизнеси жүрүшмөк. Канчалаган шаардыктардын турак-жай маселеси чечилмек. Ушунча адамдын убалына калып, 1 батир кымырып  калууга  көзү кызарган Айтмаматтын ачкөздүгү ишти артка тартып жаткандыгы кандай?

Өкмөт башчы Сапар Исаков бул маалыматты катардагы иштей көрбөй,   көӊүлгө алып, алкымы бузулган Айтмамат Кадырбаевге тез арада чара көрсө максатка ылайык келмек. Мындай жетекчилердин жоругу жогору жакка сөз тийгизбесе мактоо алып келбеши айтпаса дагы түшүнүктүү эмеспи.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

эки − 2 =