Жогорку Кеңештин депутатынын үйүнөн ок атуучу куралдар уурдалды

Каганат.

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдиновдун үйүнөн ок атуучу куралдар уурдалды. Депутат уурдалган куралдарды аң уулоого колдонуп келген. Муну Ош ОИИБден да тастыкташты.

 4-январь күнү белгисиз адамдар депутаттын Ноокат районунда жайгашкан үйүнө терезе аркылуу киришип, мыйзамдуу түрдө колдонуп келген сайлуу жанан сайсыз эки ок атуучу куралды уурдап кетишкен. Бул боюнча арыз менен депутаттын А.Ж. аттуу агасы кайрылган. Анын билдиришинче, ошол учурда үйүндө эч ким жок болгон. Бул боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

14 − алты =