Ааламда эмне кеп: “Коңшуларга туруксуздук орнотуу менен бир дагы өлкө өзү коопсуз боло албайт»

Каганат.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Ирандагы башаламандыкты кубаттаган өлкөлөргө эскертүү жасады.

Ирандын бардык аймактарында соңку эки аптадан бери өкмөткө каршы өтүп жаткан нааразылык акцияларына байланыштуу Зариф маалымат берип, толкундоолор чет өлкөлөрдүн, анын ичинде АКШ, Израиль, Сауд Арабиянын чалгындоо кызматтары тарабынан уюштурулду деп айыптады.

“Коңшуларга туруксуздук орнотуу менен бир дагы өлкө өзү коопсуз боло албайт”, – деди ал Тегерандагы маалымат жыйыны учурунда.

Мухаммад Жавад Зариф өлкөдөгү мындай аракеттердин аркасы жаман бүтөрүн эскертти.

Кошмо Штаттар Ирандын мындай кинесин четке какты. Борбордук чалгындоо башкармалыгынын башчысы Майк Помпео 7-январда агенттиктин элдик толкундоолорго тиешеси жок деп жарыялаган.

АКШ президенти Дональд Трамп болсо нааразылык акциясына чыккандардын аракетин кубаттап, Вашингтон аларга жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгилеген.

Иранда 28-декабрда башталган,   демонстрацияларда 22 киши мерт болуп, 1700дөйү камакка алынган. Ал эми 7-январда Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэль Европа биримдиги Мухаммад Жавад Зарифти өкмөткө каршы нааразылык акцияларына байланыштуу сүйлөшүүгө чакырарын маалымдаган.

Өзбекстан

Былтыр октябрда Ташкентте кармалган окутуучу жана экономист Хаёт Насреддиновго конституциялык түзүмдү кулатууга аракет жасоо боюнча айып тагылды. Бул тууралуу AsiaTerra баслмасы өз булактарына таянуу менен билдирди.

Бул берене боюнча 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. AsiaTerra Насреддинов менен журналист Бобомурод Абдуллаевдин кылмыш иши бириктирилиши мүмкүн экенин баса белгилөөдө.

Ташкенттик көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаев атайын кызмат өкүлдөрү тарабынан быйыл сентябрдын соңунда кармалган. Ага «Бийликти басып алуу жана конституциялык түзүлүштү бузуу максатында кутум уюштуруу» айыбы тагылган.

Буга чейин тергөөчүлөр Абдуллаев менен Насреддиновду бетме-бет жолуктурушкан. Мындан тышкары экөө тең көз карандысыз адвокаттардын кызматынан баш тарткан.

48 жаштагы Хаёт Хан Насреддинов Өзбекстанда экономикалык билим алган, экономика илимдеринин доктору. Акыркы убактарда Ташкенттеги мектептердин биринде иштеген.

2010-жылдан тарта ал Свобода радиосу үчүн отуздан ашуун макала жазган. 2012-2013-жылдардан баштап чет өлкөлүк басылмаларга комментарий бере баштаган.

Убагында Насреддинов оппозициялык «Өзбекстандын күнөстүү коалициясынын» мүчөсү болгону үчүн кыйноого кабылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Тажикстан

Тажик бийлиги “Тажик темир жол” ишканасынын мурдагы башысы Амонулло Хукуматулло Чехиянын белгилүү туристтик жайларынан 10,6 миллион долларга  кыймылсыз мүлктөрдү сатып алганы боюнча кабардар болду.

Амонулло Хукумовдун Чехиядагы мүлкү тууралуу Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борборунун (OCCRP) иликтөөсүнөн кийин маалым болгон. Башкы прокуратура бул фактылар чындыкка канчалык деңгээлде дал келерин аныктай элек. Көзөмөл органдын өкүлү жетекчиликтен көрсөтмө түшсө гана иликтөө иштери баштала турганын белгиледи.

OCCRP маалымдагандай, Амонулло Хукумовдун аялы жана балдары Карловы Вары менен Марианске- Лазнеден алты кыймылсыз мүлккө ээ. Бул үчүн Хукумовдор 10,6 миллион доллар коротушкан. Анын үй-бүлөсүнүн Москвада дагы 1,1 миллион долларга бааланган батири бар.

66 жаштагы Амонулло Хукумов 2014-жылы февралда Тажикстандын темир жол ишканасынын башчы кызматынан бошотулган.

Булак: Каганат

 

Бөлүшүү:

Пикир

үч × 1 =