Аида Салянова жүрөгү ооруп, ооруканага жаткырылды

Каганат

  “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова жүрөгү ооруп, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарына  анын адвокаты Чынара Жакупбекова  билдирди.   Анын айтымында, Салянова жүрөк кемтиги оорусуна байланыштуу Чүй облустук бейтапканасында дарыланууда.  

Ал эми бүгүн, 9-январда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соттук отуруму уланууда.  Адвокаттар соттолуучунун саламаттыгына байланыштуу отурумду жылдырууга өтүнүч келтиришти. Бирок судья Ирина Воронцова Салянованын оорусунан күмөн санап, отурумду жылдыруу үчүн айыпталуучу стационардык режимде дарыланып жаткандыгын тастыктаган документ керектигин айтып, эл өкүлүн түштөн кийин сотко мажбурлап алып келүү аракети болорун билдирди.

Эске салсак, 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Аида Салянованы Кылмыш кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Чечимде депутат өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй тургандыгы жазылган.

Ага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда “мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес” деген айып тагылган. Прокуратура буга далилдер жетиштүү деп эсептейт. Салянова өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, бул ишти “саясий буюртма” деп баалап жүрөт. Ал райондук соттун чечиминин үстүнөн доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Булак:Каганат.

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

5 × эки =