Алтынай Өмүрбекова вице-премьер министрлердин санын кыскартууну сунуштоодо

Каганат.

«Республика – Ата-Журт» фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова вице-премьер министрлердин санын кыскартууну сунуштады.

Эл өкүлү мындай пикирин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин отурумунда билдирди.

Өмүрбекова төртүнчү вице-премьердин кызматы чек ара жана укук коргоо блогундагы маселелер боюнча ачылган, бирок азыркы мезгилде бул маселелерди өкмөт башчы өзү жөнгө саларын айтты.

-Төртүнчү вице-премьердин кызматы чек ара жана укук коргоо блогундагы маселелер боюнча ачылган. Ал эми учурда бул маселерди премьер-министр  өзү жөнгө салат.  Менин жеке оюм боюнча вице-премьерлердин санын кыскартып койсо болот-деди эл өкүлү.

Эске салсак, бүгүн, Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети вице-премьер министрлик кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлигин жактырды. Эске салсак, Санжар Муканбетовду вице-премьерлик кызматка Сапар Исаков сунуштаган.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

алты − 6 =