АРИС менен СОРОСто иштегендер УКМКны, моралдык негиз менен кызматтан айдалгандар маданиятты башкарабы?

Каганат.

 Кызмат адамды кооздобойт, адам кызматты кооздойт…

 Ачыгын айтканда, Сооронбай Жээнбеков кадр саясатын толук жүргүзө албай жүдөп кетти. Президентти түшүнсө болот. Эс алууга кеткен экс-президент ыр жазып, клип чыгарып эле тим болбостон кадр саясатына аралашып, аралашмак түгүл Сооронбай Жээнбековго эрк бербей «ажыдаардын эки башындай» абал түзүлүп калды. Эми эмне болот?

   Алмазбек Шаршенович «үй-бүлөмдү бийликке аралаштырбайм» дегени менен шоопур, жансакчысынан бери сүйрөп келип, кыргыз саясатында «Иттин уулу Байгара» дагы мамлекеттик жетекчи боло алат деген түшүнүк жаралганына көп болду.  

 Өкмөт баш болуп, Жогорку Кеӊеш төш болуп кыргыз саясатында кимдер гана жок. Арасында кылмыш иши козголуп, керек болсо соттолгону дагы жүрөт. Дегеле өзү жетектеген тармакка тиешеси жоктор андан арбын. Мунун өзү кызмат адамды эмес, адам кызматты кооздой турганын жокко чыгарды. Айрыкча Сапар Исаков жетектеген Өкмөттүн курамы ар кошкон адамдардан куралып калды. Бул Атамбаевдин “көчүнүн” уландысы болду. 

 Мисалы, Улуттук коопсуздук кызматын эзели коопсуздук кызматында бир күн иштеп көрбөгөн, АРИС менен  СОРОСто иштеп жүрүп, кийин эптеп Ак үйгө илээшип  алган Аскар Акаевдин бир кездеги басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев жетектеп отурат. Анын колу менен экс-президент Алмазбек Атамбаев канчалаган саясый жана мыйзамсыз кылмыштарды козготту.

Улуттук коопсуздук кызматынын ардагерлери, офицердик курамы дегеле УКМКга тиешеси бар чыныгы чекисттер дагы арданбаган калк болот экен. «Бизге тиешеси жок кадр» дебестен иштешип келе жатышат.

     

Мумие чатагы менен кызматтан кеткен мурунку маданият жана маалымат министри Түгөлбай Казаковдун ордуна КТРден моралдык негиз менен кызматтан айдалып кеткен Султан Жумагулов шек алдырбай барып отурду. Монголиянын президентин «үркүткөн» окуясы эсинен чыгып, эми «мага чапан менен эмес идея менен келгиле» деп коюп отурат.

   

Айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин «атагы» Алайга, «даӊкы» далайга кеткени белгилүү. Мурун бирөөнү сабап, «чоӊ муштум» аталып, кийин шайлоодо дагы бирөөнү жаткыра чаап, уялбай «мурду менин муштумума тийип кетиптир» деп кутулуп кеткен жайы бар.

     

Бир кезде Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болуп жүргөн ИИМ министри Улан Исраиловду кимдер билбейт. Кызматка келгенде Өмүрбек Текебаевдин жөнөкөй суроолоруна  жооп бере албай, жүдөп-какап, кызарып-татарганы элдин эсинде. Килейген генералдарды жан сакчыга кордоткондон Алмазбек Атамбаев уялбай, кызматка келип алганынан өзү уялбай, акырында генерал кылып кетип жаны тынды.

     

«Форма десем бомба деп угуптур чунак кыз» деп коюп кызматтан кеткен Дүйшөнбек Зилалиевдин кандай кадр экенин айтпай эле коелу. «Русгидро», «Лигласс», мөӊгү маселелеринин «боткосун» чалды дагы кетти. Бул үчүн ким жооп берет жеген суроо жоопсуз калды.

     

«Баӊги сатып байыса болот» деп баш ооруткан Толкунбек Абдыгулов Өкмөттү «чаӊытып» жүрүп, кайра ордуна барып отурду. Сапар Исаковдун сабатсыз кадрларынын чатагы кечээ ого бетер «көркүнө» чыгып, Кубанычбек Кулматов, Артем Новиков баш болуп «сөгүш» алып отуруп калышты. Чындап келсе, баарын топтоштуруп туруп, кызматтан айдап жибергенде дурус болмок.  

    Жогорку Кеӊеш деле «жоругу жолдо калгандардан» куру эмес. Айрыкча алтынчы чакырылыштын ашмалтайы чыкты. Эл арасында «Москвада кыргыздарды тоноп жүрүп, депутат болгон» деп артынан сөз ээрчиген Икрам Тазабеков, бир кезде Аскар Акаевдин колуна «суу куйган» Кубанычбек Жумалиев, кошоматчылык жагынан алдына адам салбаган Сайдылла Нышанов,  эмгек китепче эмне экенин билбеген Мээрбек Мискенбаев (эси бар экен кетти акыры), боюнда бар аялды ичке тепкен Камчыбек Жолдошбаев, бир кезде кылмыш иши козголгон Төрөбай Зулпукаров, эмдигиче кылмыш иши «куйругунда калбыр бойдон жүргөн» Исхак Пирматов, ушуга окшогон депутат Музаффар Исаков, айтор кимдер гана жок.

     «Жогорку Кеӊештин спикери Айтибай Тагаев болгондо спикерлик кызматтын куту учкан» деп айрымдар эстегендей, спикерлик кызматтын учурда баасы такыр төмөн түшүп

калды. Өлкөдөгү бирден-бир мыйзам чыгаруучу бутактын жетекчилигине андан бери кимдер гана отурган жок. «6-микрофон менен 6-микрорайонду» алмаштырган Чыныбай Турсунбековдун доору өтүп, эми эт менен челдин ортосундагы Дастан Жумабеков отурат. Кыргыз парламентинин тарыхында Жогорку Кеӊештин депутаттары бир ката үчүн чогулган окуя катталбаптыр. Так ушул Дастан Жумабековдун тушунда катталды. «Мөнгү саткан парламент» деген атка ээ болду. Мындан ары кандай болот аны мезгил көрсөтөт.

      Тактап айтканда, «таалайлуу менен талашпа» дегендей, өлкөнү  байлыгына чиренген базаркомдор башкарып калды. Муну менен Кыргызстандагы кызмат орундардын баркы менен баасы кетти. Облус, район жетекчилигине, айыл өкмөт башчылыгына мурда соттолгон, билимсиз, дээр менен деӊгээлден түшүнүгү жок адамдардын армиясы каптады. Мындай кадрлардан Кыргызстан кантип арылат? Ушуга жооп жок.

    Анткени, Алмазбек Атамбаевдин «айкөлдүгү» менен бир буту бийликке эптеп илингендердин «кетели» деген ойлору жок элди эзип бүтүштү. Баш көтөргөндөрдү куугунтуктап, бир тобу четке чыгып кетти.

    «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев айткандай «Конституция сынды, элита сынды, эми эл сына турган» абалда жашап жатабыз. Мойнундагы оор милдетти тереӊ талдап, тажаткан кадрлардан тазаланып, татыктуулардын келишине  кам көрөбү же жокпу бул президент Сооронбай Жээнбековго байланыштуу маселе. Ээрчиме саясаттан эптеп кутулса элге пайда. Эптеп бийликте калайын десе элди эзгени ошол… 

   Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

жети − бир =