Бүгүн: 9-январь…. Дата…Окуялар…Фактылар…

Каганат.

Бүгүн кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Чүй, Талас өрөөндөрүндө 4…9, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 5…10, Ысык-Көл облусунда 0…5 градус жылуу болсо, Нарын облусунда —3…-8 градус суук болот. Бишкек шаары менен Ошто жаан чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 8…9 градус жылыйт.

 9-январь  Серб Республикасынын  күнү катары белгиленет.   

 Японияда балыкчылардын жана соодагерлердин Эбису Кудайынын майрамы.

 9-январда 1769-жылы Екатерина IIнин буйругу менен Россияда алгачкы жолу кагаз акча киргизилген.   

 Ушул эле күнү 1951-жылы ООН в Нью-Йоркто  (США) ООНдун штаб-квартирасы официалдуу түрдө ачылган.

9-январда 1996-жылы  Салман Радуевдин боевиктери Кизлярда оорукана менен төрөт үйүн 3700 адам менен кошо барымтага алышкан.   

Ал эми 9-январда 2007-жылы Apple корпорациясынын башчысы Стив Джобс алгачкы iPhone телефонун элге алып чыккан.

 

Бүгүн  ырчы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбековдун туулган күнү. Ырчы 1980-жылы 9-январда Ош шаарында төрөлүп, Жалал-Абад облусундагы

 Аксы районуна караштуу Мукур айылында чоңойгон.  Анын “Коштошуу”, “Ошко сапар”, “Балама”, “Лейлектик кызга” жана башка ырлары белгилүү.

  9-январь, 1968-жылы Сакиш атка конгон актриса, куудул Айнура Турганбаева дагы туулган.

Бүгүн белгилүү казакстандык продюсер, актриса, алып баруучу жана ырчы Баян  Максат кызы  44 жашка толду. Ырчы катары “Жас канат”, “Азия дауысы” сынактарынын лауреаты болгон  Баян  Максат кызы “Lashyn” тобунун жана “Түрквизион-2014” сынагынын жеңүүчүсү Жанар Дугалованын продюсери. Өткөн жылы аны өзүнүн күйөөсү бычактап, кийин  соттолуп, Казакстанда чуу жараткан. Көп өтпөй ал казакстандык бизнесмен Турсын Алагөзовго турмушка чыккан.    

 9-январда 1890-жылы чех элинин жазуучусу жана драматургу Карель Чапек туулган. 

Ушул эле күнү 1913-жылы тарыхта «кызыл президент» деген ат менен калган АКШнын 37-президенти (1969—1974) Ричард Никсон жарык дүйнөгө келген.

 Ал эми 9-январда 1970-жылы белгиялык белгилүү ырчы Лара Фабиан төрөлгөн.

 Бул күн кайгылуу окуялар менен дагы белгилүү. 9-январда 1873-жылы Франциянын президенти жана акыркы императору Наполеон III   (1852-1870) каза болгон.

Ушул эле күнү 1916-жылы орус князы, Россияда вино жасоонун негиздөөчүсү Лев Голицын дүйнөдөн кайткан.

Булак: Каганат

 

Бөлүшүү:

Пикир

сегиз + он үч =