Бишкекте тургундун үйүнө кирип, 50 сом акча уурдап кеткендер колго түштү

Каганат.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Бишкекте тургундун үйүнө кирип, 50 миң сом акчасын жана уюлдук телефонун коркутуп алып кеткен деп шектелип 2 адам кармалды.  

Маалым болгондой, кылмыш 7-январь күнү кечки саат 22:00дөр чамасында Бишкектин Биринчи Май районунда болгон. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Сокулук районунун 27 жана 20 жаштагы 2 тургуну кармалган.

Жабырлануучу бизге арыз менен кайрылган. Анда белгисиз 2 адам үйүнө кирип келип телефонун жана 50 миң сом акча каражатын опузалап алып кетишкен. Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

1 комментарий

Пикир

он беш + он төрт =