Үй гүлдөрүн кантип өстүрөбүз?

0

Каганат.

Үй гүлдөрүн өстүрүү ар бир эле айымдын кыялы болсо керек. Бирок, аны бапестеп багуу да өзүнчө бир түйшүк жаратаары талашсыз.Гүл өстүрүүнүн да өзүнүн эрежелери бар. Алардын зыян жана пайдалуу жактары туурасында сөз кылып, айымдарга кеңеш бермекчибиз.

Кээ бирөө гүлдүн жалбырагы көмүр кычкылтегинин газын бөлүп чыгаргандыктан, организмге зыяны бар дешет. Чындыгында эле бүт өсүмдүк түнкү дем алуу учурунда бул газды бөлүп чыгарат. Бирок, ал ушунчалык аз санда болгондуктан, организмге кенедей дагы зыянчылыгы жок.

Ошондой болсо да, чоң идиштерге өскөн бир нече чоң өсүмдүк бөлмөнүн нымдуулугун күчөтүп жибериши мүмкүн. Бул албетте нымдуу үйлөр үчүн зыян. Ал эми,шаардагы темир бетон үйлөргө мындай гүлдөрдү өстүрүү пайдалуу. Анткени, ушундай типтеги үйлөр,чындыгында өтө кургак келет.

 Кээ бир үй өсүмдүктөрү менен өтө сак мамиле жасоого туура келет. Мисалы, «олеандр» деген гүлдүн маңызы абдан уулуу келет.Эгер үйүңүздө ушул гүл болсо, анын жалбырагы менен гүлүнө кол тийгизбөөнү эсиңизге сала кетели.. Ал эми, баары бир эле кармашка туура келсе, андан кийин сөзсүз түрдө колуңузду  самындап жууганды унутпаңыз.Эскерте кетчү жагдай, анын маңызынан өзгөчө көздү жакшылап сактоо керек экенинин дагы айта кетели. Ошондой эле териси сезгич адамдар үчүн бул гүлдү өстүрбөй койгонуңуз жакшы.

Дагы бир айте кетчү нерсе, үйүндө майда балдары барлар бөлмөгө паслен, солянум,өңдүү , түсү өтө ачык, бирок,мөмөлөрү жегенге жарабаган өсүмдүктү өстүрүүдөн алыс болуңуз.Себеби, булар күзүндө ачык-кызгылт сары мөмө байлап, балдардын көңүлүн өзүнө бурдургандыктан, алар сөзсүз үзүп, оозуна салаары анык. Ошондой эле кеңири белгилүү болгон гүл кактустун кээ бир түрүнөн да сак болуу керек. Анткени,алардын тикенеги этке кирип кетсе, кайра чыгуусу абдан кыйынга турат. Ошондон улам, кишинин эти сезгенип, жара болуп кетиши толук мүмкүн. Бөлмө гүлдөрүнүн кээ бири үйгө байлык, бакыт, тынчтык чакырса, кээ бирөө жамандык да алып келет экен.

Гүлдү кантип багабыз?

Бөлмө гүлдөрү үйдөгү жаман энергияны, чаңды өзүнө сиңирип алып, таза нерсени сыртка чыгарып турат. Ал бөлмөгө кооздук гана бербестен, акыл-эстин өсүшүнө да өз салымын кошот. Анткени, жашыл өң адамды эс алдырып, жаман нерседен алаксытат. Үйдө өсүүчү гүлдөр ар бирине өзүнчө кам көрүүнү, жылуу мамилени талап кылат. Аларды өтө ысык да, муздак да жерге койбош керек, болбосо жалбырактары саргайып, өсүүсү начарлап кетет. Негизинен гүлдөрдү гүлдөөчү анан жалбырактуу деп экиге бөлүшөт. Мүмкүн болсо гүлдү чоң терезеге, ачык, жарык жерге койгон оң. Өтө ачуу тийген Күндүн нуру да гүлдүн жалбырактарын күйгүзүп, өсүүсүнө тоскоолдук кылат. Ошондой эле үйдө өскөн гүлдөрдүн көпчүлүгү бизге алыскы өлкөлөрдөн келгендиктен, ошого жараша ар бир гүлдүн өзүнүн мүнөзү бар, кээ бири күндү, сууну жакшы көрсө, ал эми, кээ бири тескерисинче сууну көп жактыра беришпейт. Бөлмө гүлдөрү башка өсүмдүктөрдөн өзгөчөлөнүп үйдөн сыртка чыкпай, жаратылышка жакын болууга үйрөтөт.

Гүлдү отургузууда эмнеге көңүл бөлүү керек?

Гүлдөрдү негизинен жаз айында көчүрүү керек. Себеби, жай, күз айларында тамыры бекемделип, суукка чыдамдуу болуп калат. Алар да жай өсүүчү жана ылдам өсүүчү деп экиге бөлүнөт. Аларды өсүүсүнө жараша 2-3 жылда бир отургузуп туруу зарыл. Болбосо, тамыры челекке батпай, өсүүсү жайлап калат. Дагы эскерте кетчү жагдай,гүлдөрдү эртең менен эрте же кечинде бычак менен кыйгачынан кесип, сууга салса көпкө сакталат. Эч качан кайчы менен кесүүгө болбойт. Аны салкын температурада 2 сааттан кем эмес кармаш керек.  Гүл соолубай көпкө сакталыш үчүн вазага бир таблетка аспирин салып коюуну да унутпаңыз. Вазадагы гүлдү ачык терезеге же шамалдуу жерге койбоңуз .Эгерде жасминди кышында горшокко отургузсаңыз, бир айдын ичинде гүлдөйт.  Ошондой эле бөлмө гүлдөрүнүн жыты аңкып туруусун кааласаңыз, аны кумшекер кошулган суу менен сугарып койуңуз. Муну менен катар эле гүлдү эч качан батарейканын жанына койбоо керек. Жумуртканын кабыгы дагы үйдө өскөн гүлгө эң жакшы жер семирткич болуп эсептелинет. 

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

15 − 7 =