Бүгүн: 10-январь… Дата…Окуялар…Фактылар…

Каганат.

Бүгүн, шаршемби, 10-январда республиканын борборунда жаан-чачын  күтүлбөйт  деп билдирди Кыргызгидромет.   Бишкек шаарында   5-7 градус  жылуу,   түнкүсүн —2…-4 градус суук болушу мүмкүн.

Бүгүн, 10-январда мамлекеттик жана коомдук ишмер Төрөбай Кулатов жарык дүйнөгө келген (1908-1984). Ал 1978-жылга чейин Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун председатели, Совнаркомдун председатели сыяктуу жооптуу кызматтарды аркалап, кыргыз мамлекетинин калыптанышына салым кошкон.  

 Бүгүн  ырчы Лира Раимбекованын туулган күнү. Үч-Теректин үч кызы деген сүймөнчүн атка ээ болгон эже-сиӊдилердин кичүүсү  47 жашка чыкты.

10-январь жазуучу, «Жаш ленинчи» журналынын редактору,  “Кыргызфильм» киностудиясынын директору,  «Кыргызстан» басмасынын башкы редактору болуп элине эмгеги сиӊген, маркум Солтобек Акматбаевдин дагы туулган күнү.

Бүгүн Украинанын туӊгуч президенти Леонид Кравчуктун туулган күнү.  Ал 1991-1994-жылдары Украинаны жетектеген.  

10-январда, 1913-жылы Чехословакиянын акыркы президенти  Густав Гусак, ал эми 1815-жылы Канаданын биринчи Өкмөт башчысы Джон Макдональд жарык дүйнөгө келген.

Бул күн адабият тармагында да белгилүү даталардын бири. Анткени бул күнү 1883-жылы  орус жазуучусу жана публицист Алексей Толстой  туулган.

Тарых барактарын аңтара турган болсок, ушул күнү,  1867-жылы Россия империясынын Батыш Сибирь аскер губернатору А. Дюгамель аскер министри Д. Милютинге кыргыздын бугу уруусунун өкүлүнө манап наамын ыйгаруу боюнча өтүнүч менен кайрылган.

 

10-январда Кыргыз АССРинин VII партиялык конференциясы өз ишин баштаган.

   1905-жылы Түркстан генерал-губернатору аскер министрине милициянын аскер старшинасы Шабдан Жантаевге жер бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

 

Бул күн кайгылуу окуялардан дагы куру эмес. 1971-жылы 10-январда  француз кутурьеси, жыйырманчы кылымдагы  мода тарыхынын ири фигурасы болуп эсептелген  Габриель Коко Шанель 88 жашында Парижде көз жумган.

  

Бул күнү ошондой эле советтик жана россиялык эколог,  биолог, коомдук жана саясый ишмер Алексей Яблоков дагы жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Ал эми кыргыз саясатынын тарыхын аңтара турган болсок беш жыл мурун, тактап айтканда 10-январда 2013-жылы Бишкекте экс-депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдордун сот иштери башталган.

 

 Ал эми дүйнө тарыхында бул күнү   Дүйнөлүк согушка чекит койгон Версаль тынчтык келишими күчүнө кирген. Версаль келишиминин ратификацияланышы иш жүзүндө 29 өлкөнүн

башын бириктирген Улуттар Лигасынын мыйзамдашуусуна жол ачкан. Версаль тынчтык келишимине 1919-жылы 28-июнда Франциянын Версаль шаарында кол коюлган. Аталган тынчтык келишими согушта жеңген өлкөлөр (АКШ, Улуу Британия, Франция, Италия, Япония) менен жеңилген Германиянын ортосунда түзүлгөн.

Бул күн кара тамга менен басылган тарых барактарына да ээ. 2016-жылы 10-январда Кандагар шаарында болгон жардыруудан 11 киши каза болуп, 16 адам түрдүү жаракаттарды алган. Каза болгондордун арасында эмирликтин беш дипломаты бар болгон.

Бул күнү  1863-жылы Лондондо алгачкы жолу метро ачылган. Бул метро дүйнө жүзүндөгү эӊ эски метро болуп эсептелет.  ал эми  1946-жылы 10-январда Лондондо ООНдун Генералдык Ассамблеясынын алгачкы сессиясы өз ишин баштаса, 1975-жылы ушул күнү Россиянын Биринчи каналынын «» Что? Где? Когда берүүсүнүн алгачкы эфири тартылган.

10-январьЯпонияда 110 — телефон номурунун официалдуу күнү. Бул номур Япониядагы ар бир балага белгилүү.

   

Булак:Каганат.

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

2 × 1 =