Депутат: “Чыңгыз Айтматовго окшогон улуу инсандарыбызды жарнамага пайдаланууга тыюу салалы”

0

Каганат.

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин жыйынында  «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» коньягын тыюу салуу сунушталды.

Депутат Кожобек Рыспаев Манас эпосундагы “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” ысымдарын спирттик ичимдиктерге жарнамага пайдаланууга тыюу салуу боюнча мыйзам иштеп чыгууну сунуш кылды.

Анын пикиринде, эпостун каармандарын атын ичимдикке ыйгаруу туура эмес. Жыйында монополия каршы күрөшүү агентигинин өкүлдөрү бул жөн гана бренд экенин, улуттук ар-намыска эч кандай доо кетирбестигин айтышты.

 Ошондой эле “Чыңгыз Айтматов, Насирдин Исановго окшогон аты улук, улуу инсандарыбызды жарнамага пайдаланууга тыюу салбайлыбы? Бул боюнча депутаттардын баары колдоп берет болушу керек”, — деди эл өкүлү.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

4 + 11 =