Эвакуацияланган унаанын айдоочусу 1350 сом төлөөгө тийиш

Каганат.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, туура эмес жерге токтотулган автоунаалар эвакуацияланып жатат.  

 Маалым болгондой,  автоунааларды эвакуациялоо боюнча токтом 2017-жылдын апрель айынан тарта күчүнө кирген. Анын негизинде «Эвакуатор» деген жаңы жол белгиси тийиштүү жерлерге коюлган.

Эвакуация боюнча конкурсту «Портал групп» ЖЧКсы жеңип чыгып, «Аю Гарант» менен камсыздандыруу полиси боюнча келишим түзгөн. Ага ылайык, эгер эвакуация учурунда унаа зыян тартса «Аю Гарант» ээсине чыгымдарын төлөп бериши керек болот.

Белгилей кетсек, 7.21 «Эвакуатор» белгиси турган жерге токтогон унаалар эвакуацияланат. Мындай белгилер көйгөйлүү участкаларга, соода борборлорунун алдына орнотулган.

Эвакуацияга кеткен чыгымды унаа ээси өзү төлөөгө милдеттүү. Бирок анын суммасы 1350 сомдон ашпашы керек.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

1 комментарий

  1. Али 10 Январь, 2018 at 14:57 Жооп берүү

    Эн туура чыгарылды бул чечим. мурунтан эле ушундай ишти башташ керек болчу. айып пулдун суммасын дагы көбөйтсө жакшы болмок.

Пикир

5 + алты =