Сүйүнчү акча февралдын ортосунан баштап алгыла

0

Каганат

Сүйүнчү акча февраль айынын ортосунан тартып колго тие баштайт. Бул маселе өкмөттүк жыйында талкууланды. Ата-эне документ чогултуп убара болбошу үчүн бала төрөлгөндө күбөлүк берилип жатканда эле тиешелүү маалыматтар электрондук түрдө социалдык өнүгүү органдарына, андан кийин банк кызматтарына өткөрүлүп берилет. Сүйүнчү акчаны алуунун жолдору автоматташтырылат жана болушунча жөнөкөйлөтүлөт. 1-январда күчүнө кирген мыйзамга ылайык, Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балага сүйүнчү акча берилет. Ар бир балага кеминде төрт миң сом өлчөмүндө сүйүнчү акчаны алыш үчүн жергиликтүү социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуу керек. Бул акчанын көлөмү аймактын өзгөчөлүгүнө жараша түрдүү болушу мүмкүн. Маселен, Нарын облусунун Ат-Башы районунун айрым айылдары үчүн өкмөт аныктаган 1.8 коэффициентинин негизинде сүйүнчү акча 7200 сом болот.

Булак: Каганат

 

Бөлүшүү:

Пикир

20 + он беш =