Саясатчылардын жүзү жана сүрү: Бийлик кандай кылса дагы Карганбек Самаковдун кадырын карапайым калк билет

 Каганат   

 Кара курсактын айынан кайдыгер болуп бара жатабыз. Канчалаган кыргыздын «бычакка сап» боло турган уулдары камалып кетти. Карапайым эл мокоп бара жатканын капарыбызга албай калдык. Мунун артында «элди сындыруу» аракети жүрүп жаткандыгын элебей күн кечирүүдөбүз.

    Кыргыз саясатында өз жүзү жана сүрү менен калгандардын катарында качан болбосун  Карганбек Самаковдун айтылаары шексиз. Кашайганда анын дагы баркына жетпей, өткөн жылдын этегинде сот он жыл берсе ооз ачканга дагы жараган жокпуз. Балык ооз саясатчыларды мындай коелу, үч-төрт жыл мурун бири калбай «Жыл мыктысын» ыйгарган, Карганбек Самаковдун кенен жайган дасторконунан даам сызган жазмакөй журтчулугу баш болуп, маалымат бергенине ыраазы болуп отуруп калышты.

Эч ким «Карганбек Самаковду  башканы айтпаганда дагы Манасты ЮНЕСКОго каттатканы үчүн дагы камаган тура эмес» деп калыстыкты айтканга жараган жок. Эсенгул Ибраев сыяктуу анча-мынчалар эле үн катпаса,  Карганбек Самаковдун айланасына ошол кезде кашаадай болуп тизилип, жакшылыгын көргөн саясатчылар дагы тымпыйып туруп беришти. Жамандыгыбыз мына ушунда эмеспи.

     «Калдайгандын баары эле канат эмес…Кабыландын баары эле Манас эмес» дегендей сайрагандын баары эле саясатчы эмес. Арасында кокусунан кошулган «Иттин уулу Байгаралар» дагы «иттин кара капталынан» жүрөт. Кемчилигибиз, Карганбек Самаков сыяктуу караан боло турган кыргыздын жакшыларын мына ошондойлордун катарына теӊеп койгонубузда. Жакшынын кадырына жетпегенибизде болууда.

     

Карапайым калкты мындай коелу, карылыкка моюн сунгандарыбыз дагы «күн тийген жердин күкүгүнө» айланып, калыстыкты айтуудан тайсалдап калды. Болбосо, «Карганбекти каматкандан кыргыз пайда таппайт. Качан кыргыз Манасын дүйнөгө даӊктай алды эле, башкасын болбосо дагы ушуну унутпайлы» деп чыгышмак. Кыргыз саясатында кылган ишинин пайдасы жок, оозунан чыккан кебинин дайыны жок илээшип канчалар жүрөт. Карганбек Самаков алардан канча өйдө турат. Айткан сөзүнө кылган иши жарашып, жаманаттысы жок келатат.

    «Шибегени капка ката албайсыӊ» дегендей жылдар өтүп, келечек муун «Манасты дүйнөгө тааныткан адамды каматканга жол берген элдин тукумубуз» деп айтып чыгышы мүмкүн. Ошондо ким актанат? «Ооба, кара курсактын айынан калыстыгыбыздан айрылганбыз, майдаланып кетип, маани бербей калдык» дейбизби? Маӊыроо жоопко ким маани берет?

   Акыйкаттык, албетте орной турганы белгилүү. Акыры түбү Карганбек Самаков акталып, калкына кайра кошулса калыстыгын айта албагандар кантип бетин карайт? Албетте, Карганбек Самаков кекчил жана майдачыл адам эмес болгондуктан адатынча бажырайып күлүп учурашат чыгаар. Бирок, учурунда сатып кеткендерди кантип жер көтөрөт болду экен?

   

Биз билгенден Ат-Башы байлардын өрөөнү экендиги белгилүү. Башкалар байлыгын экономикага, элди иш менен камсыз кылууга жумшаса, Карганбек Самаков карааны бийик Манаска жумшады. Андан ал утулган жок. Урпактарга кала турган иш жасады. Манас эпосу эле эмес кыргызга таандык бир катар улуттук баалауулуктарды ЮНЕСКОго каттатканга жетишти. Ошол күндөрү кыргыздын ар бир үйүнө нур чачырагандай болуп турганын кантип унутабыз. Карганбек Самаков баштап барган манасчылардын артында калдайган Манастын арбагы турганын кантип унутабыз.

   

Камап койгон тараптар бир нерседен жаӊылганын мойнуна албай жаткандай. Адамдын кайда отурганы эмес, ким экендиги маанилүү. Омүрбек Текебаевди камап койсо дагы сөөлөтүнөн кайткан жок. Кайра курчуп, калдайган эл дем берген сайын көктүгү курчуп баратат.

Карганбек Самаковду канчалык жаман көрсөткүсү келген  сайын карапайым калктын сүймөнчүгүнө айланып бара жатат. Ушундай абалда саясатчынын жүзү менен сүрү мокомок беле? Бийлик кандай кылса дагы Карганбек Самаковдун кадырын карапайым калк билет. Анын кадыр-баркы, бактысы менен азабы баары ушунда…

   Булак: Каганат.   

Бөлүшүү:

Пикир

5 × 2 =