Саясатчылардын жүзү жана сүрү: Мамат Айбалаев «майда» эмес маӊыздуу саясатчы…

Каганат.

Кыргыз саясатында  жүргөн улуу муундагы адамдардан жүзү менен сүрүн сактап калган адамдар аз.  Алардын бири Мамат Айбалаев. Биз билгенден бул саясатчыны жаман сөз ээрчиген жок. Алыскы Баткенди өнүктүрүүгө, облус катары өз алдынчалыгын жөнгө салууга салым кошкондордун сап башында айтылат. Аталган өрөөндүн элинин дагы бул саясатчыга деген сый-урматы өзгөчө. Мамат Айбалаев бул сыйга толугу менен татыйт.

     Мамат Айбалаев шахтердун мастерлигинен баштап, Тоо-кен тармагындагы бардык кызматтарды аркалап, тажрыйба топтогон. Кийинчерээк Жогорку Кеӊешке шайланып, элдин жүгүн аркалады. Анын айрыкча Баткен облусунун губернатору болуп турган мезгили туурасында эл ичинде жалаӊ жакшы пикирлер айтылат.

     Мамат Айбалаевдин  акимдиктен баштап, губернаторлукка чейинки эмгек жолу өзүнчө тарых. Губернатор кезинде өзү танкага түшүп алып, чек аралаш аймакты коргогонго чоӊ салым кошконун замандаштары ар дайым айтып келишет. Акимдерди алдына салып алып, чек арачыларга кошулуп, аймактын бүтүндүгүн сактоого эмгегин аяган эмес дешет.  

 

 Мамат Айбалаевдин айрымдарга жакпаган сапаты-улутчулдук. Жаман көргөндөрдүн себеби эмнеде экендиги түшүнүктүү. Улутун сүйбөгөн адам патриот боло албайт. Мунун эмнесинен корунуп, эмнесинен айбыгабыз? Дал ушул айбыгуунун айынан канчалаган көйгөйлөр көз-көрүнөө бурмаланып келди. Айрымдарга жакпаса дагы Мамат Айбалаев бул сапатын жашырып-жаппай, эки жүздүүлөнбөй, өмүрүн түз өткөрүп келе жатат. Балким, анын башкалардын сыйына арзыган сапаты ушул болгондур.

  Биз билгенден, чек арага Мамат Айбалаевдей күйүп-бышкан саясатчылар  аз. Сох анклавынын, Шахимардандын маселесин айтып жүрүп тили тешилди. «Коӊшулар менен теӊата саясат жүргүзөлү» деп какшап жүрүп карылыкка моюн сунду.

Башкалар болсо эмдигиче башын ийип, башкача сүйлөп калмак. Балалык чагы Баткенде өтүп, кичи мекенин эли кандай кыйынчылыктарга туш болуп жашап келе жаткандыгын беш колундай билген үчүн бул маселени жерге таштабай келе жатат. «Талаштуу аймак» деп жымсалдап, өз маселесин-өзү чечип ала албаган мажирөө кыргыз бийлигине канча жолу чындыкты айтып жаман көрүндү.

Талаштуу аймак эмес, таптак эле кыргызга тиешелүү аймактарды тарттырып коюп карап отурган тараптар Мамат Айбалаев сыяктуу оор салмактагы жетекчилердин оюн түшүнгүчө оӊой эмес иштер бүлүндү.Кыргыз саясатчыларынын бир тобунун кемчилиги мына ошол кыргыздардын таламын биринчи койбогондугунда болуп келе жаткандыгын кантип жашырабыз?

Бул тайсалдай турган, коруна турган жагдай эмес. Бардык улуттарда, бардык мамлекеттерде колдонулуп эле келе жаткан тажрыйба. Улуттук кызыкчылык үчүн жылдап тынчыбай келе жаткан мамлекеттер белгилүү. Жер үстүнөн жок болуп кетпейли десек, биз дагы элдин, улуттун таламын талашканга үйрөнүшүбүз керек. Мамат Айбалаевдин жергиликтүү

   

элдин алдында кадыр-сыйынын сакталып калышынын негизги өзөгү керек болсо ушунда. Ал башка улуттардын кызыкчылыгына дагы доо кетирбей, ошол эле мезгилде негизги улуттун дагы кызыкчылыгын өз ордуна кое билген жетекчи болгон.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагын беш колундай билген жетекчинин тажрыйбасын алып калууга кыргыз бийлигинин моюну жар берген жок. Себеби түшүнүктүү эмеспи. Оюндагысын ачык айткан, теӊата сүйлөшкөн жетекчи эле кимге жаксын. Алар жаман көргөнү менен Мамат Айбалаевдин элге пайдасы тиймек, мына ушуну ойлошсо болмок.    

      Мамат Айбалаев мындан жыйырма жыл мурда «Республиканы эгемендиктин жылдарында кыйынчылыктар жана коркунучтар күтөт, мындай шартта көп нерсе саясый туруктуулуктан көз каранды болот, тактап айтканда мамлекет башчыларына байланыштуу»  деген экен. Турмуш чынджыгында мына ошол Аскар Акаевдин доорунан бери мамлекет чайпалуунун үстүндө келе жатпайбы.

 Биз билгенден Мамат Айбалаев Илим жана техника боюнча Маилекеттинк сыйлыктын, Эмгек Кызыл Туу, Элдердин достугу, “Ардак белгиси” ордендеринин ээси. Ал киши менен замандаштардын учурунда мындай сыйлыктарды алуу оӊой эмес эле. Алмазбек Шаршеновичтей болуп «вазириме бербегенде кимге берем» деп, Фарид Ниязов окшогондорго эле мамлекеттик сыйлыктарды кармата беришчү эмес.

Кайсыл кызмат болбосун, кайсы сыйлык болбосун татыктуу алды. Кыргыз саясатында Мамат Айбалаев деген татыктуу атты калтырды. Жүзүн дагы, сүрүн дагы сактап кала алды. Анткени, Мамат Айбалаев «майда эмес»  маӊыздуу саясатчы. Калыӊ элге кадыры сиӊген адам. Буга жетүү оӊой эмес….  

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он алты − 4 =