ЖКда вице-премьер-министр кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлиги каралууда

0

Каганат.

Бүгүн, 10-январда  Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында  вице-премьер-министр кызматына сунушталып жаткан Санжар Муканбетовдун талапкерлиги   каралып   жатат. Санжар Муканбетовду вице-премьер-министр кызматына премьер-министр Сапар Исаков сунуштаган.

Белгилей кетсек, буга чейин вице-премьер-министр  Толкунбек Абдыгулов  кызматтан бошотулган.  Абдыгулов  Улуттук банктын төрагасы болуп кайрадан дайындалган.  Учурда  вице-премьер-министрдин  орду бош турат. 

Санжар Муканбетов учурда Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматтын жетекчиси.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он тогуз − он үч =