Алты күн калды…Дача-Судагы кандуу жүктүн ээси ким?

Каганат.

Алты күндөн кийин  өлкөнүн тарыхындагы эӊ  кайгылуу окуялардын бири, Дача-СУнун курмандыктары эскерилет. Кыргыз эли президент Сооронбай Жээнбековдон мына ушул кандуу жүктүн ээсинин ачыкталышына себепчи болот деп күтүп турган учуру.  Мамлекет башчысы элдин көксөсүн суутуп, кандуу жүктүн ээсинин табылышы үчүн кату тапшырма береби же жокпу аны мезгил көрсөтөт.

 Бишкектин үстүнөн жарылган Boeing 747-400 жүк ташыган  учактын   алдында  калып, 39 адам, анын ичинде 17 бала  жарык дүйнө менен кош айтышканы элдин эсинде.   А түгүл экс-президенттин  мына ошол кайгылуу күндөрдө элге барып, көӊүл айтууга дагы мойну жар бербегенин дагы эл унутуп калган жок. Кийинчерээк гана кан жутуп отурган айылдыктарды алдына чакырып көӊул айткан. Эл ичинде президенттин мындай мамилесин сындагандар дагы арбын болгон.  Эми ошол  кара жолтой Boeing ага алып келе жаткан 85 тонна контрабандалык жүктүн ээси ким? Эмдигиче жооп жок.

 Эске салсак,  2017-жылдын 16-январында Гонконгдон Бишкекке келе жаткан Boeing 747-400 Кыргызстандын борборундагы «Манас» аэропортуна 1, 5 км жетпей калган. Учак  аэропорттун айланасындагы дача айылына кулап, 32 турак-жай  талкаланган.  Boeing   Гонконг — Бишкек — Стамбул маршрутун аткарган  экипаждын составында беш адам болгон.  Учактын кулашынан 39 адам каза тапса, алардын 17си жаш балдар эле. Ондогон адамдар оор абалда ооруканага жеткирилген.

Кайгылуу окуя болгон жердеги урандыларды тазалоо иштеринде  Boeingдин бортундагы 85 тонна жүк —  смартфондор жана  планшеттер болуп чыккан. Болгондо дагы бул жүк тиешелүү документтерде көрсөтүлбөгөнү менен Кыргызстанды күтүп жатышкандыгы белгилүү болгон.   Себеби, смартфондордогу инструкциялар кыргыз жана орус тилдеринде жазылган экен. 

Кыргыз  официалдуу бийлиги жүк Турцияга таандык, ал эми  «Turkish Airlines» компаниясына катталган THY 6491 рейси Бишкекке май куюу үчүн гана конгонун айтып актануунун аракетин жасашкан.  Бирок, бул версия  авиакырсык болгон жерден алынган анализдердин жыйынтыгы менен четке кагылган.  Анткени, официалдуу бийлик билдиргендей эмес,  Boeingдин багындагы күйүүчү май  учак  Бишкекке конбой туруп, Стамбулга жетээрлик  экендиги  белгилүү болгон.

Бул окуяда мындан башка дагы бир катар кызыктуу фактылар «калкып» чыккан эле.  Учак  А. Атамбаевдин бизнес-партнерлору такай колдонгон «My Cargo Airlines» деп аталган башка турциялык компанияга тиешелүү экендиги белгилүү болгон. Борт буга чейин дагы Бишкекке жүк ташып келип, Стамбулга куру кайтып жүргөндүгү ачыкталган. Мындан сырткары, Гонконгдон Бишкекке бир нече жолу жүк менен учуп келген  (Стамбулга куру кайткан)   «My Cargo Airlines» авикомпаниясынын  учагынын  Кыргызстанда  жүк ташуу  иштерине эч кандай лицензиясы болгон эмес.

Айта кетүүчү жагдай, кырсыктан кийин авикомпаниянын өкүлү ЖМКларга кулаган учак «Манас» аэропортуна жүк түшүрүү үчүн келгенин айтып, алардын компаниясына таандык учактар Кытайдан Кыргызстанга буга чейин 52 рейс жасаганы ачыкталган. 

 

Эми карап көрөлү, авикырсыктан кийин болсо дагы элементардык математикалык эсеп менен контрабанданын көлөмүн аныктоого болот. Бир  iPhone (бортто так ушулар болгон)   болжол менен 400 грамм салмакка ээ болсо  85 тонна жүк —   212 500   iPhone маркасындагы смартфон болуп чыгат.

Бир iPhone 6  же 6 S (өткөн жылдын январында так ушулар көп өткөн товар болгон) аз дегенде 500 АКШ доллары болгон же болбосо жүктүн баасы аз дегенде 106 250 000 АКШ доллары  келип чыгат.  Сатып алууну баасын алып салганда (же болбосо бул сумманын 40 пайызын),   64 миллион АКШ доллары  менен таза киреше келип чыгат. Талкаланган учактагы жүктүн ээлери так ушунча кирешеге ээ болмок.

 

Рейстин мүнөздөмөсү жана  жүккө тиешелүү документтер (тагыраагы алардын таптакыр жоктугу) жүктүн ээлери аларды декларациядан өткөрүүгө аракет кылбагандыгын айтып турат. Аталган фактыга  жүктүн ээлери Кыргызстанда дагы, Турцияда дагы табылбагандыгы кошумча болот.  Бул тууралуу   Кыргызстандын транспорт министри  Жамшитбек Калилов бир аз күн өтпөй жарыя кылган эле. Бүгүн, жападан-жалгыз күйүп кеткен жүктүн артында ким тургандыгын айтып бере тургандар бул кытай товарын саткандар. Бирок,  алар унчукпайт… Алты күн калды. Кандуу жүктүн ээси ким? 

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

1 × 2 =