Бүгүн: 11-январь… Дата…Окуялар…Фактылар…

Каганат.

Бүгүн, 11-январда  басымдуу аймактарда кар жаап, ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жеткен шамал болушу күтүлүүдө. Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -4…-6 градус, күндүз 0…-2 градус болот.

Бүгүн, 11-январда рэп ырчысы Добр 30 жашка толду. Рэп ырчысы Адилет Добранов (Добр) 1988-жылы 11-январда Бишкек шаарында туулган.

Бүгүн белгилүү түркиялык ырчы Мустафа Сандалдын дагы туулган күнү.  Ал 1970-жылы 11-январда Түркиянын Стамбул шаарында жарык дүйнөгө келген. Сандалдын “Pazara Kadar”, “Aya Benzer”, “Araba”, “İsyankar”, “Karizma” сыяктуу ырлары дүйнөгө белгилүү.  

Жазуучу Сонунбала Закирова дагы Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында 1937-жылы 11-январда туулган.

Ошондой эле бүгүн россиялык белгилүү актер Константин Хабенский, актер жана шоумен Андрей Малахов жана башкалар дагы жарык дүйнөгө келген.  

 11-январь Албаниянын улуттук майрамы, ошондой эле бул күн  Непалда Улуттук Биригүүнүн күнү катары белгиленет.

Бул күнү корук жана улуттук парктардын күнү белгиленет, тарыхый маалыматтарга караганда бул күндү расмй түрдө  1979-жылдан бери белгилешет. 1917-жылы 11-январда алгачкы жолу советтик корук түзүлгөн.

Бүгүн Бүткүл Дүйнөлүк ыраазычылык билдирүү күнү. Ага жараша «рахмат» деп айткандардын катары арбыйт.

11-январда 1940-жылы Ленинград шаарында алгачкы жолу  «Ромео и Джульетта» балети коюлган.

Бул дата кайгылуу окуялар менен дагы белгилүү. 2014-жылы 11-январда Израилдин биринчи президенти  (2001-2006), аскер ишмери жана саясатчы Ариель Шарон дүйнөдөн кайткан.

 

РСФСРдин эл артисти, советтик жана россиялык актер Георгий Тараторкин каза болгон.  

Бул күнү, 1922-жылы он төрт жаштагы  Леонард Томпсонго кант диабетине каршы алгачкы жолу инсулин колдонулган.

1974-жылы Кейптаунда Сью Розенковицтердин үй-бүлөсүндө алты эм төрөлүп, дүйнөдө алгачкы жолу алты эгиздердин бардыгы теӊ аман калган.   

 

      Ошондой эле бул күнү 1951-жылы ООНдун Башкы Ассамблеясынын 1948-жылы 9-декабрда кабыл алган геноцид боюнча Конвенциясы күчүнө кирген.

11-январда Нью-Йоркто алгачкы жолу аялдардын автожарышы өткөрүлгөн.

 1960-жылы СССРде алгачкы жолу космонавттарды даярдоочу борбор ачылган.

Өткөн жылы 11-январда АКШнын президенти Дональ Трамп алгачкы жолу маалымат жыйын берген эле.

 

Булак:Каганат.

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

бир × төрт =