Депутаттар Текебаевди ооруканага которууну суранышууда

0

Каганат.

Бишкек шаарындагы № 47 абакта кармалып жаткан Өмүрбек Текебаевдин кан басымы туруксуз болууда. Андыктан парламент депутаттары Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигине кайрылып, саясатчыны ооруканага которууну өтүнүштү. Бул тууралуу  массалык маалымат каражаттарына депутат Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, депутаттар Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаровдун атына кайрылуу жөнөтүшкөн. “Кайрылууга бир нече депутаттар кол коюп берген.

 Исхак Масалиев Жаңы жылга чейин Өмүрбек Текебаевге жолугуп кайткан.

«Ал ошондо эле кан басымы көтөрүлүп, кайра түшүп жатканын айтты эле. Албетте ага жаш курагы, кырдаал дагы таасир берип жатат. Андыктан даарыгерлердин кароосунан өтүшү зарыл» — дейт ал.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

бир × эки =