Исаков жакшы иштеш үчүн дагы канча жардамчы керек?

0

 Каганат.

    Өкмөт башчылыкка Сапар Исаков келгенде «жаштар келди» деп баары сүйүнгөн. Бирок, ал келгенден бери  «Лигластын» чуусу,  эми минтип Бажы келишимине тиешелүү катанын чыры чыкты. «Бийликке жаштар келсин» дегенибиз менен алардын деле жетишпеген жагы чыгат окшобойбу?

     Сапар Исаков өзү дагы Өкмөт башчылыкка өтө даяр эмес экенин жакшы билет көрүнөт, кызматка тургандан бери кеӊешчилерди кызматка алып жатып чарчады. Алгачкы кеӊешчилерин эл деле туура көрүп,  официалдуу кеӊешчилери катары Германиядагы Гейдельберг  университетинин бүтүрүүчүсү Эсенкул Момункулов  менен Гүлнура Төралиева дайындалган.

Гүлнура Төралиева

«Келечектүү, чет өлкөдөн билим алган жаштар экен» деп карапайым калк деле кубаттаган. Өкмөт башчы аз өтпөй   Будапешттеги Борбордук-Европа университетинин 26 жаштагы  бүтүрүүчүсү Юлия Калиниченкону  коомдук башталыштагы кеӊешчиси   кызматына алганда эл түшүнбөй калды. Отузга чыга элек кыздан оӊчулуктуу кандай кеӊеш чыгышы мүмкүн эле.

Юлия Калиниченко

   

Сапар Исаков андан ары токтоно албай Оксфорд университетинин бүтүрүүчүсү Назик Бейшеналы кызын, россиялык кардиохирург, профессор, медицина илимдеринин доктору Алексей Коротеевди, Колумбия университетинин бүтүрүүчүсү Мурад Омоевди кеӊешчи кылып алды.

Назик Бейшеналы кызы

   Жаӊы жылдан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси болуп иштеп жүргөн  Калыкбек Султановду жаӊы кеӊешчи кылып дайындады. «Сакалдуу кеӊешчи алыптыр ушуну менен бүтсө керек» деп коомчулук талкуулап бүтө электе, ошол эле күнү «Интернет саясат жарандык демилге» коомдук фондусунун жетекчиси  Татту Мамбеталиеваны дагы коомдук башталыштагы кеӊешчи кылып дайындаган буйрукка кол койду.

Татту Мамбеталиева

 Өкмөт башчы Сапар Исаков ушуну менен токтойбу же дагы кеӊешчи алабы аны мезгил көрсөтөт. «Коомдук башталыштагы» деп жымсалдаганы менен акыры түбү булардын деле бала-чакасы бар болгондуктан кайсы бир булактан каражат төлөнүшү керек го. Бир жагынан он чакты кеӊешчинин жардамына муктаж болгон Өкмөт башчынын өзүндө мандем барбы деп коомчулук түшүнбөй турат.  Кыскасы, Сапар Исаков жакшы иштеш үчүн дагы канча жардамчы керек?

Булак:Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

1 + 19 =