Россияда БШКга 64 адам арыз бергени менен катары азайды

Каганат.

Россиянын  БШКсынын маалыматына караганда   президентикке талапкерлерден 64 арыз түшкөн. Арыздарды кабыл алуу  8-январда токтотулган. Ал эми партия талапкерлери 12-январга, тактап айтканда эртеӊкиге  чейин тапшырууга болот.

Бирок, аталган талапкерлердин ичинен 15 гана талапкер  президенттикке ат салышаары белгилүү болгонун РИА “Новости” кабарлаган. БШКга түшкөн 64 арыз ээлеринин 21и партиядан болсо, ал эми  43 жеке талапкерлер. Шайлоодон блогер  Алексей Навальный, бизнесмен Сергей Полонский, журналист Олега Лурье, “Ислам” журналынын редактору Айна Гамзатова жана коомдук ишмер Татьяна Воловиктер ар кандай себептер менен шайлоодон четтетилишкен.

Россия Федерациясында президенттик шайлоо күнү 2018-жылдын 18-мартына белгиленген. БШК РФнын учурдагы президенти Владимир Путиндин президенттике талапкерлик боюнча арызын 28-ноябрь күнү кабыл алган.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

үч × төрт =