Бүгүн: Дата…Окуялар…Фактылар…

Каганат.

Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө караганда январдын 12-нен 16-на чейин туруксуз аба ырайы сакталып турат: 12-январда жана 14-16-январларда көпчүлүк аймактарда кар жаашы, кээ бир райондордо каттуу жаашы күтүлөт. 13-январда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, тоо этектеринде түнкүсүн -9…-14°, күндүз -2…-7° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

 Ал эми Бишкек шаарында  12-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 13-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 14-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 Бүгүн белгилүү кинорежиссер, актер жана сценарист, СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин туулган күнү. Анын «Ак Кеме», “Караш-караш окуясы” сыяктуу фильмдери дүйнөгө таанылган.

 

 

 

 

 

 

12-январда «Ырдын пири» Ырысбай Абдыкадыров  туулган. Ал 1941-жылы 12-январда Ош облусуна  караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Ырысбай Абдыкадыровдун “Алмашым”, “Түгөйүм”, “Сагынуу”, “Издейм сени”, “Алтынчы күнү кечинде” деген ырлары элге кеӊири белгилүү.

Бүгүн ошондой эле белгилүү эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиеванын дагы туулган күнү. Ырчы  1968-жылы 12-январда Талас облусуна караштуу Талас районунун Калба айылында туулган.  Ал  “Азия даусы” Эл аралык фестивалынын ардактуу мейманы, Нью-Йорк шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк эстрадалык фестивалдын катышуучусу, “Славян базары” Эл аралык сынагынын дипломанты, Украинадагы “Алтын скиф” Эл аралык сынагынын лауреаты.

Бүгүн атактуу советтик композитор  Раймонд Паулстун дагы туулган күнү.

12-январда, 1967-жылы россиялык белгилүү актриса, режиссер жана алып баруучу, РФнын эмгек сиӊирген артисти Рената Литвинова дагы жарык дүйнөгө келген.

1949-жылы Киотодо белгилүү япон жазуучусу  Харуко Мураками туулган.

1628-жылы «Золушка», «Буурул сакалчан» сыяктуу белгилүү жомоктордун автору, француз акыны жана жомокчу Шарль Перро туулган. 

Бул күнү белгилүү советтик окумуштуу Игорь Курчатов туулган.   

Бүгүн Россиянын прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы.

Ал эми Түркмөнстанда эскерүү күнү. Түркмөндөр тарыхта жазылып  калган Көк-Дөбө салгылашуусунун курмандыктарын эскерет.

1998 – жылы 12-январда адамды клондоштурууга тыюу салган протоколго кол коюлган. 

2010 – жылы Гаитиде 22 570адамдын өмүрүн алган жер титирөө болуп өткөн.

12- январда1820-жылы Королдук Астрономиялык Коом түзүлгөн.

  1950-жылдын 12-январында СССРде өлүм жазасы кайрадан киргизилген. Эске салсак, буга чейин революциядан кийин большевиктердин бийлиги падышалык режимдин саркындысы катары өлүм жазасын алып салган эле.  

 Бул күн кайгылуу окуялары менен дагы белгилүү. 12-январда коомдук жана мамлекеттик ишмер Абдужапар Тагаев мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

1976-жылы белгилүү детективдердин автору, англиялык жазуучу Агата Кристи кайтыш болгон.  

2015 год-жылы россиялык белгилүү опера ырчысы, СССРдин эл артисти Елена Образцова дүйнөдөн кайткан.

Иосиф Жугашвили 1913-жылдын 12-январь күнү биринчи жолу Сталин деп кол койгон.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

4 × 5 =