Башкы Прокуратура кыргыз паспортун криминалдарга берген чиновниктерди калкалайбы?

0

Каганат.

Кечээ мамлекеттик каттоо кызматынын паспорттогу кетирген катасы талкууга түшүп, аталган кызмат «атайылап ката кетиргенбиз» деп актанышты. Ага мейли десек, бүгүн башка «былыктары» калкып чыкты.

Көрсө, ушуга чейин Мухтар Аблязовдон баштап, кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрүнөн бери паспорт менен камсыз кылгандардын бири дагы жазага тартылбаптыр. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештеги «Республика-Ата-Журт» фракциясынын жыйынында Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев эптеп маалымат берип актанды. 

Суроо узаткан депутат Кенжебек Бокоев Башкы прокуратуранын өкүлүнүн мындай жообуна ачууланып, «кантип билбейсиз, бул боюнча текшерүү жүргүзүш керек» деп ачууланды.  

Эске салсак,  эки жыл мурун эле Ички иштер министрлиги кырк миңден ашык паспорт мыйзамсыз берилгенин, анын ичинде мурда соттолгон, издөөдө жүргөн адамдар, башка

өлкөнүн жарандары, керек болсо кылмыштуу чөйрөнүн адамдары да кыргыз паспортун алып жүрүшкөнүн билдирген. 2015-жылы тажикстандык оппозиционер Умарали Куватов Стамбулда атылганда анын жанынан кыргыз паспорту табылганын түрк басылмалары жазып чыгышкан. Казакстандын миллионери Мухтар Аблязовдон, Украинанын жана Грузиянын мыйзамдагы уурулары Роман Барбакадзе менен Тимур Синатошвилиден да кыргыз паспорттору табылган.

    Башкы прокуратура баш болуп бул фактыга эмнеге көз жумган?  Алар  кыргыз оппозиционерлерин аӊдыгандын ордуна улуттук коопсуздуктун бир бутагы болгон паспорт маселесиндеги ушундай мыйзамсыз аракеттерге көӊүл бөлүшү керек эле.

  Ушуга  чейин унчукпай келгендерине караганда «паспорт чатагына илинген чиновниктерди  Башкы прокуратура калкалап турабы» деген күдүк ой жаралат. Болбосо, саясатчыларга болбогон жерден кылмыш ишин тапканды билген укук коргоо тармагы улуттун жүзү болгон паспортко тиешелүү кылмыш аракеттерин кантип эле байкабай калсын. Бул майда маселе эмес, маанилүү маселе…

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

10 + алты =