Бишкек-Ош жолундагы чектөөлөр алынды

Каганат.

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө киргизилген чектөө бүгүн эртең мененки саат 08:00дөн тартып алынды.  

Кечээ, 11-январда Жайыл районундагы “Сосновка” постунда түшкү саат 12:00дөн кийин тыгындардын алдын алуу жана жолду тазалоо зарылчылыгынан улам оор жүк ташуучу чоң автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилген болчу.

  12-январдан 16-январга чейин туруксуз аба ырайы сакталып турат: 12-январда көпчүлүк аймактарда кар жаайт, кээ бир райондордо катуу жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

2 − бир =