«Имиш» барып чынга айланчу эле…Иче турган суудан айырбасын…

Каганат.

Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүндөгү  Чечме айылынын жашоочулары “Чечме” булагын Өзбекстан менен биргеликте пайдаланууга макул эместигин билдирип, Бирлик айыл өкмөтүнүн имаратынын алдына нараазычылык билдирип чыгышты.

Маалыматка караганда,  өкмөттөр аралык комиссия аталган аймакта тактоо иштерин жүргүзүп жаткандыктан эл арасында “Чечме” булак мындан ары Өзбекстан тарап менен биргеликте колдонулат деген маалымат тараган.

“Комиссиялык топтун бизге берген маалыматы боюнча мындан ары “Чечме” булак эки тараптуу пайдаланылат экен. Кантип биз өзүбүздүн чек арада турган булакты Өзбекстан тарапка берип коебуз. Сууну пайдаланууга макулбуз, бирок булакты бербейбиз”, — дешет жергиликтүү тургундар. 

Ал эми өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жергиликтүүлөрдүн кооптонуусуна эч негиз жок экенин  маалымдады.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

3 × бир =