Сапар Исаковдун «Акылдуу шаарын» алдамчы компания ишке ашырабы?

0

Каганат.

Жылдын этегинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушкан Өкмөт башчы Сапар Исаков «Мен чынын эле айтайын «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырууга  кытайлык «Huawei» компаниясы тартылат»-деген эле.

Кечээ премьер-министр аталган компания менен «Акылдуу шаар»  боюнча 60 миллион долларлык келишимге кол койду. Өкмөттүн «Таза коом»   программасынын алкагына кирген «Акылдуу шаар» долбооруна ылайык аталган компания унаа жолдорго камера  жана видеофиксацияларды орното турган болду.

«Huawei Technologies Bishkek Ltd.»  деп аты узун бул компаниянын «тарыхы»  дагы так эмес экенин билип туруп, Өкмөт башчы кандайча ишеним артып жатат бул жагы түшүнүсүз бойдон калды.     

 Эске салсак, эки жыл мурун экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы  Өкмөт башчы кубанычы койнуна батпай сүйүнчүлөгөн «Huawei Technologies Bishkek Ltd.» компаниясын 3 миллион сомдук алдамчылык боюнча айыптаганы белгилүү.

Тактап айтканда, 2015-жылы финансы полициясы «Huawei Technologies Bishkek Ltd.»  компаниясына «Оштогу  Эркечтам була-оптикалык байланыш линияларынын  курулушунун баасын жогорулаткан” деген шек менен иш козгогон эле .Буга байланыштуу финпол компаниянын эсептерин жана мүлкүн камакка алган.

Ал эми «Хуавейдин» жетекчилигине сыртынан баш коргоо чарасы каралган.   «Хуавейдин» Кытайдагы  телекоммуникация боюнча ири компания экендиги белгилүү болгону менен ккөрүнүп тургандай Кыргызстанда «калбыры бар»…

Ага карабай, өткөн жылдагы маалымат-жыйында  Сапар Исаков аталган компания «Акылдуу Дубайды» кургандыгын, бизде Дубайдан дагы ашып түшө турган долбоор боло турганын айтып мактанган эле. Өкмөт башчы өзүн-өзү билип  кол коюп салган 60 миллион долларлык долбоор акырына чыгабы же  алдамчылыкка шектелген  «Хуавей» кууратабы аны мезгил көрсөтөт. 

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

7 − 1 =