Тышкы карыз4 миллиард 444,68 миллион долларга жетти

Каганат.

2017-жылдын ноябрь айында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 87,18 миллион долларга өстү. Бул тууралуу  каржы  министрлиги кабарлады.

Алардын маалыматында, 30-ноябрга карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 444,68 миллион долларды же 309 миллиард 971,36 миллион сомду түзгөн.

Анын 4 миллиард 15,22 миллион доллары (280 миллиард 21,04 миллион сому) тышкы карыз, калган 429,46 миллион доллары (29 миллиард, 950,32 миллион сому) ички карыз болуп эсептелет.

Кыргызстан эң көп акчаны Кытайдын Экспорттук банкына кайтарышы керек (1 миллиард 669,81 миллион доллар) экендигин аталган министрлик белгилейт.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

бир × 3 =