Жаңы курулган жолго 5 жыл кепилдик берилет

Каганат.

«Автожолдор тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди.  Кыргызстанда жаңы курулган жолдорго эми 5 жылдык кепилдик берилет. “Унаа жолдор жөнүндө” мыйзам долбооруна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү долбооруна президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Эми документке ылайык, трассаларды курган компания 5 жылга кепилдик берүүгө милдеттендирилет. Ал эми кайра калыбына келтирилген жолдорго мурдагыдай эле 3 жыл кепилдик берилет.

Мыйзам 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

19 + 7 =