Жээнбеков кыргыз-кытай темир жолу тууралуу келишим Атамбаевдин катасы экенин билеби?

0

Каганат.

Алмазбек Атамбаевдин бийликтен кетиши менен бир жагдай элдин эсинен чыгып кетти. Экс-президент Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун курууга макулдугун берип, бул ири долбоор катары бааланып, ЖМКларда айтылып, учурда бул тууралуу унчуккан жан  жок. Тагыраагы,   Кытайдын  кызыкчылыгын көздөгөн Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашырууга Алмазбек Атамбаевди биздин өлкө үчүн ыӊгайлуу эмес шарттар менен макулдатууга кантип жетишкени  табышмак бойдон калды. Анткени,  ал келишимде  Кытай темир жол   магистралы курула турган жерди, темир жолду жана ондогон пайдалуу кендерди менчикке алуу менен жүргүзө тургандыгы көрсөтүлгөн.

 Айта кетүүчү жагдай,  акыркы 15 жыл Кытай Кыргызстанды республиканын аймагындагы курулушу 2 миллиард долларды түзүп жана  Пекин  өзү каржылай турган аталган долбоорго макулдата албай келсе, А. Атамбаев Кытайдан аталган темир жолдун курулушуна 6 миллиард АКШ доллары менен кредит алаарын айткан. Тактап айтканда, Бишкек 6 миллиард кредитке малынып, Кытайга өзүнүн жерин берип, ал эми  темир жолду эл аралык келишимге ылайык «China National Machinery Imp. & Exp. Corporation»  (долбоордун жетекчиси Чжу Сяомэй)  кытайлык компаниясы куруп, курулушта  кытай жумушчулары иштемек.

   Эмнегедир, учурдагы бийлик бул ири долбоор тууралуу унчуга элек. Балким, Сооронбай Жээнбеков Кытайдын кызыкчылыгын көздөп, өлкөгө пайдасы тийбей турган, болгондо дагы 6 миллиард доллар кредитке малына турган долбоордун ката экенин билип унчукпай жаткандыр. Кыскасы, ооз көптүргөн бул долбоор тууралуу ооз ачкан жан жок.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

үч × үч =