Астанадагы кырсыктан кыргызстандын жараны каза болду

Каганат.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиришендей, Астанадагы кырсыктан кыргызстандык жаран каза болду.

Маалым болгондой, кечээ, 12-январь күнү саат 13.00 чамасында Астана-Караганда жолундагы автоунаа жол четинде бараткан жөө адамды коюп кеткен. Кырсыктан машине сүзүп кеткен адам каза тапкан. Маркум Казакстан аркылуу Орусияга бара жаткан Ош облусунун Кара-Суу районунун 45 жаштагы тургуну экени аныкталды.  

Маалымдалгандай, автоунааны казакстандык Ерлан аттуу жаран башкарып бара жаткан. Ал катуу бороондон улам жолдо бара жаткан жөө кишини байкаганын билдирген. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги маркумдун туугандары менен байланышып, сөөктү мекенине жеткирүү аракетин көрүүдө.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

4 × беш =