Бүгүн учак кырсыгынан каза болгондорго тургузулган эстеликтин ачылышы болду

Каганат.

Бүгүн, 13-январда Чүй облусунун Курулуш башкармалыгынын дачаларында учак кырсыгынан каза болгондорго тургузулган эстеликтин ачылышы болду.  Ага өкмөт өкүлдөрү, кырсыктан каза болгондордун жакындары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Эстелик жабыр тарткандардын өздөрүнүн эсебинен Дача-СУ айылынын күн батыш тарабына тургузулууда. Эстелик мрамор таштан жасалып ортосунда учактын канаты кулап келе жаткан элес түшүрүлсө, анын эки жагына каза болгон 39 адамдын аты-жөнү жазылган. Ал эми анын айланасы темир тор менен курчалып, кечинде жарык берип туруу үчүн айланасына атайын чырактар орнотулган.

Эске салсак, былтыр 16-январда түркиялык “Боинг-747-400” жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган. Анда жергиликтүү 35 тургун, төрт учкуч каза болуп, бир топ турак жай кыйраган. Маалыматтарга караганда, Гонконг – Стамбул багытында учуп бараткан учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон жана ал Бишкекке май куюу үчүн конуп жатканы айтылган.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он тогуз + 14 =