Кыргыз мамлекетин түптөгөн… Улутун сүйгөн улуу инсан … Ленинге жолуккан  биринчи кыргыз…

Каганат

Аты-жөнү: Жусуп (Юсуп) Абдрахманов

Алгачкы  мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин төрагасы, кыргыз мамлекетин түптөгөн инсан катары тарыхта калган  

 Туулгандыгы жана кайтыш болгондугу тууралуу маалымат:

1901-жылы-туулган (1938-жылы –репрессияда атылып, сөөгү 1911-жылы  Ата-Бейит  көрүстөнүнө кайрадан коюлган)

Туулган жери: Каракол  уездинин Күнгөй-Аксуу  болушу, Чиркей кыштоосу, азыркы Ысык-Көл районунун Жаркымбаев айылы  жайгашкан аймак

Улуту: кыргыз

Уруусу:  Саяктын Чиркей уругунан

Ата-энеси жана бир туугандары тууралуу маалыматтар: Атасы – Абдрахман Балапанов – манап, бий, болуш болгон, кийин 1916-жылдагы көтөрүлүшкө катышып, ошол эле жылы кайтыш болгон.  Энеси жана 7 бир тууганы Нарында казак-орустар тарабынан көтөрүлүштү басууда өлтүрүлгөн. Жусуп иниси Токо экөө томолой жетим калышкан.

Үй-бүлөсү: Жубайы — Гулбахрам казак кызы болгон. Уулу Анвар (1920-жылы туулган, согуштан жарадар болуп келип каза тапкан), Алибек  (1923), Аида (1927), Раиса (1928). Уулу Алибек жана кызы Раиса эрте каза табышкан. Кызы Аида 90 жашка келди, учурда коӊшу Казакстанда жашайт. Дагы бир кызы Ленина Абдрахманова өткөн жылы 82  жашында дүйнө салды. Ал 1935-жылы Орусиянын Оренбург шаарында жарык дүйнөгө келген. Ысымын атасы Жусуп Абдрахманов Владимир Ильич Лениндин атынан койгон.    

 Билген тилдери: Жусуп Абдрахманов эне тилинен сырткары орус тилин мыкты билген, бул тилде эркин сүйлөгөн, өзүнүн атактуу күндөлүктөрүн жана эмгектерин ушул тилде жазган. Мындан тышкары, Жусуп Абдрахманов фарси жана немец тилин билген деген маалыматтар бар.

Балалыгы жана жаштык курагы:

  1912-15-жылдарда Сазановка кыштагында орус-тузем мектебин окуп бүтүрүп, кийин Каракол шаардык жогорку-башталгыч окуу жайынан окуган. 1916-жылдагы үркүндө эл менен бирге  Кытайга качып,  Каракол гарнизонунда атбагар болот. 1918-жылдан баштап коомдук ишке аралашат. Кызыл Армияга жазылып, бир жылга жетпеген убакта катардагы жоокерден эскадрондун командирлигине чейин  көтөрүлөт.

1919-жылы Верныйдагы командирлик курстан, андан кийин Ташкендеги аскердик жогорку мектептен окуйт. 1918-жылы Жетисууда Совет бийлигин чыңдоого катышкан. Ден соолугуна байланыштуу демобилизацияланып кетпегенде, Жусуптан көрүнүктүү аскер адамы чыгышы мүмкүн эле деп эскеришкен замандаштары. 1919-жылдан баштап ал партиялык-советтик курулушка баш-оту менен киришкен.

 Өмүр жолу:

  1919-жылы РКСМ Түркстан бюросунун президиумунун жана РКСМдин Жетисуу облустук Уюштуруу бюросунун мүчөлүгүнө шайланган.

1920-1924-жылдары партиялык жооптуу кызматтарда, 1924-жылы Түркстан АССРинин Борбордук аткомунун президиумунун мүчөсү жана жооптуу катчысы болуп шайланган.

1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун   партбюросунун жооптуу катчысы болуп бекитилген.

 1925-жылдын  май айынан баштап РКП(б) БКнын  Орто Азия  бюросунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, август айынан баштап  Москвадагы РКП(б) БКнын аппаратында инструктор.

 Ж.Абдрахманов 1927-жылдын 12-мартында 26 жашында Кыргыз АССРинин эл комиссарлар Советинин председатели болуп дайындалган. 

 1927-жылдын  март айынан баштап  РСФСР БАКтын мүчөсүнүн, андан кийин Бүткүл  союздук БАКтын жана РКП(б) БКнын  Орто Азия  бюросунун мүчөлүгүнө кандидат болгон.

1933-жылы Ортоӊку Волга крайынын мал чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон.

1935-жылдан баштап  (РКП(б)нын Средневолжск крайкомунун 1-секретары болгон, мурда Киробкомдун 1-секретары болуп иштеген)  Самарада, Оренбургда крайлык, областтык аткаруу комитеттеринде жооптуу чарбалык кызматтарда 1937-жылга чейин иштеп турган.

Жусуп Абдрахмановдун сөөгү жаткан Ата-Бейит мемориалдык комплекси

Ленин менен жолуккан:

Жусуп Абдрахманов Кыргыз мамлекетин  түптөгөндөрдүн башында болуп, аны түзүлүшүнө жана калыптанышына негиз салган. 1920-жылы ВЛКСМ дын III- cъездине катышып, ошол жерде  В. И. Ленин  (Ульянов) менен президиумда отуруп, аны менен бирге иштешкен кыргыз катары белгилүү.  

Сталинге кат жазган:

Сталинге эки жолу (1929-жылдын ноябры, 1930-жылдын апрели) жазган каттарында республиканы үч жерге (союздук борборго, РСФСРге жана СредАзбюрого) баш ийдирген туура эмес практиканы жоюп,  Кыргыз АССРин  союздук республикага айландыруу маселесин эки жолу кайталап койгон.

Мамлекет түптөөнүн башында турган:

Кыргызстандын азыркы чектери Абдрахманов тарабынан аныкталганы белгилүү.  Абдрахмановдун аракети менен адегенде  РСФРдин  курамындагы автономиялык область,  кийин автономиялык республика болгон Кыргызстан өз эгемендигин алгыча СССРдин курамында союздук республика болуп турду.

1926-жылдын 1-февралында Кыргыз автономиялык ССРинин түзүлүшү да анын тынымсыз аракети менен ишке ашкан.

Абдрахманов дайыма Кыргызстандын РСФСРдын курамындагы автономиялык область болуу менен чектелбестен, өз алдынча республика болушуна толук негиз бар экендигин далилдеп келген келген.

Өкмөт башчысы болуп турган кезинде:

Фрунзе жана Ош шаарында аэродром, Фрунзе жана Чолпон-Ата шаарында ипподром, Фрунзе жана Рыбачье темир жолу, Чомуш плотинасы жана Ат-Башы каналы, завод, фабрикалар  жана жалпы эмгекчилерге турак- жайлар салына баштаган. Ачкачылык, жакырчылык, сабатсыздык акырындан жоюлган. 

Улутун сүйгөн улутчул болгон:

 Кыргыз тилинин ролун жогорулатуу, улуттук кадрларды даярдоо жана кызматка коюу, өлкөнү индустриализациялоо дайыма Ж.Абдрахмановдун көңүлүнүн чордонунда болгон. Мамлекеттик жана саясий ишмер катары ал элдин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон. Кыргызстанда  устачылыкты, жеңил тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайларын, өнөр жай кооперациясын, тоо-кен өндүрүшүн өнүктүрүү керектигин айткан. Кыргызстанды индустриализациялоо үчүн биринчи кезекте, көп сандуу улуттук жумушчу табын окутуп-тарбиялап түзүү, шаар-кыштактарды, жолдорду жана байланышты куруу керектигин дайыма кайталап жана колунан келишинче ишке ашырууга аракеттенген. Республиканын өкмөтүнүн башында турган кезинде өзгөчө тайманбас, борбордун көзүн карабаган саясат жүргүзгөн. Кийин Жусуп камалганда ушул сапаттары улутчулдук деп бааланган.

Элди ачкачылыктан сактаган:

 1931-32-жылдарда дан даярдоодо  Украина,  Волга бою жана Казакстандын жетекчилери элге ныпым эч нерсе калтырбай данды ортого төгүп бергендиктен, бул аймактарда чоң ачарчылык болуп, миллиондогон адамдар ачкадан өлгөндүгү белгилүү.   Ушундай шартта Элкомсовдун председатели (өкмөт башчы) Жусуп Абдрахманов көрсөтүлгөн планды азайтып, эл ачарчылыктан кырылып калбасын деп үрөн фондусунан пайдаланууга уруксат берген.   Ошол кезде коңшу казактардан ачарчылыктан улам бир канча миңдеген адам кырылып, дагы бир тобу Кыргызстанга келип жан сактагандыгы белгилүү.

Алгачкы журналист болгон:

Жусуп Абдрахмановдун «Правда», «Известия» жана «Правда  Востока» сыяктуу борбордук басылмаларда, республикалык газета-журналдардын беттеринде дайыма элдин жүрөгүнөн орун тапкан актуалдуу эмгектерин жарыяланып турган.

Тарыхты билген:

Абдрахмановдун 1916-жылдагы кыргыздардын көтөрүлүшү тууралуу жазган «Предвестник Октября» (кийин өзү «Восстание 1916 года» деген ат менен брошюра чыгарган) деген макаласы аны бул маселени көтөргөн эң биринчи кыргыз тарыхчысы деп эсептешке негиз берет. Бул макаласы үчүн Жусуп Абдрахманов  республикалык партиялык органдар тарабынан тепкиге алынган. Абдрахмановдун тарыхый башка эмгектери дагы бар экени белгилүү.

Чыгармачыл инсан болгон:

Москвада иштеп турганда “Күмүш кылымдын” (“Серебряный век”) акын-жазуучулары В. Маяковский, М. Булгаков, А. Ахматовалар  менен жакшы санаалаш мамиледе болгон. Бул мамиле кыйла жылдар бою уланып, 1930-жылы В. Маяковский дүйнөдөн  кайтканда аза  күтүүгө  Жусуп Абдрахманов катышкан.  

Эмгектери:

«Жаштар кыймылынын танында».
«1916-жылдагы көтөрүлүш»
«Октябрдын танында»
«Мал чарбасын өнүктүрүү перспективалары»

Кара так: 

1937-жылы 10-июнда Жусуп Абдрахманов контрреволюциячыл Алашордо уюмунун катышуучусу деген жалаа менен камакка алынып, 1938-жылы  5- ноябрда атылган. Кийин 1958-жылы акталган.

Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн:


Эл комиссарларын кабыл алдым. Иштердин абалы менен тааныштым. Бюджетибиз жакшы эмес жана айыл чарба салыктары боюнча аша чабуулар бар…

***

Мага Эл комиссарлар советинин айыл чарбасы жөнүндөгү резолюциясынын долбоорун карап берүүгө беришти. Практикалык эч нерсеси жок. ВКП (б)нын облустук комитетинде мен сунуш кылгандарды кайра чампалап, аябай сабатсыз жазышыптыр. Суусу көп. Бюджеттин абалы мышык ыйлагыдай. Маданий-социалдык чыгашалардын көлөмү азайган. Капиталдык салымдар менен гана азгырылып, эң негизги – маданий керектөөбүздү унуттук.

***

Азиялык жалкоолук – жергиликтүү кызматкерлердин негизги жетишпегендиги. Ал оору “чалдарга” эле эмес, жаштарга да жуккан.

(Журналист Б. Орунбеков котормосунан)

Менин күндөлүгүмө…

Азыр сен менин жападан- жалгыз, баарынан ишенимдүү, дегеле унчукпаган досумсуң. Кайсы бир мезгилге чейин сен мага ишенимдүү дос болоорсуң. Бирок менин колумда турганыңда гана мен сага ишенем, ал эми чоочун колго тийгениңде, балким, кыянаттык кылып кетээрсиң. Сени сатып кетпейт деп айта албайм, бирок кандай болгон күндө да сенден дегеле эч нерсени жашырбайм. Ой- толгоолорум, сар- санаам тууралуу саясий ишмер катары эле эмес, жөн эле катардагы пенде катары да айтып берейин.

Бир гана өкүнүчтүү жагы—сен угуп гана тим болуп, бирок жооп бере албаганың. Жараткан маңдайыма жалгыздыкты, кандай гана кыйынчылык келбесин, ар дайым андан жол таап чыгып кетүү түйшүгүн буюрган окшобойбу, бирок “мына ушундай” тагдырыма моюн сунууга туура келет.

Досум! Сага айткандарымды жан адамга айтпашың керек. Менин көзүм тирүү турганда мен сага ушундай талап коём, ал эми көзүм өткөндөн кийин жазгандарымды кимдерге айтсаң, кандай айтсаң, ал жагын өзүң бил. Анда эмесе, менин ой- толгоо, баянымды, башыман нелер өттү, келечекте мени нелер күтүп турат – баарысын тыңдап тур.

19.08.1928
Баштан өткөндөр тууралуу азыноолак баяным

Ташкенттен Москвага жетип келдим. Темир жол тилкеси тууралуу маселелер боюнча келе жатам. Маселе чечилип каларына ишене албайм, бирок бар же жок деген акыркы чечимди угайын деп келе жатам. Ушунум туура болор. Мени М.Н. узатып койду. Вокзалда бир жарым саат поезд күтүп, аны менен сүйлөшүп олтурдум. Экөөбүз көп нерселерди сүйлөштүк, бирок көбүнчө жеке турмуш тууралуу. Ал – менин турмушумдагы мен абдан жакшы көргөн, бекем достошуп жүргөн жападан- жалгыз адамым. Андан мен эч нерсени жашырган эмесмин жана жашырбайм дагы. Менин ар бир кыймылым, ойлорум, максатым—баары ага белгилүү, анткени өзүм ага баарын айтып берчүмүн жана айта бермекчимин.

Байкуш менин кыргыз калкым! Сен өз тагдырыңды жеке турмушун чече албаган, бирөөнү сүйүп калып, анын айынан сени менен коштошуп кеткени жаткан бактысыз бир балага ишенип, тапшырып койдуң.

Балдарым жана бир тууганым эмне болот? Эмне болмок эле, жашоо деген улана берет да. Токо, бир боорум! Сага абдан кыйын болор, күчүгүм. Чын эле мээм айнып калдыбы? Чын эле силер менен коштошуп кетип каламбы… Баарын таштап кетип каламбы?.. Мен күрөшүп келген, дагы эле күрөшүп жаткан нерселердин баарынан ал айым мага кымбатпы? Жок, жок… жана жок! Мен жашашым керек! Анткени эң кымбат адамыма жашап жана күрөшүү керек, аны менен бир жалпы ишке, революция үчүн күрөшүүгө убада бербедим беле. Ал дагы жакында биз жакка келип, мени менен, Лениндин армиясы менен бирге жалпы иш, революция үчүн күрөшүүгө, менин ишиме жана элдердин арасындагы эң бактысыз элдердин кызыкчылыгы үчүн күрөшүүгө убада бербеди беле?

Мен эмне болуп жатам? Түшүнбөйм.

Кош бол, досум! Эртең сөзүбүздү кайрадан улантабыз.

20.08.1928

Чырм этип алдым, бирок уйкум кадимкидей канып калыптыр. Баягы кыйын күндөргө кабылган убакта уктабай калганымдын кенемтесин толуктап алайын десем да болбоду. Бирок баары жайында. Шолом- Алейхимдин «Коммивояжерин» окуп жатам. Абдан кызыктуу экен, бирок еврей калкына мүнөздүү. Китеп окуп жатканым менен, оюм башкада, ал тууралуу ойлоно берем, оюм бир жерде болбой, эмне окуганымды деле түшүнбөй турам…

Сен жаман киши окшойсуң, Ж. Башкалардай болуп, неге сен өзүңдүн жеке турмушуңду чече албайсың, башкача айтканда, неге жашооңдун мүнөтүн, күнүн санап турбайсың. Акыры мени бир ой чырмап турат, кайран гана менин шордуу калкым! Бакыйган бир уюмду жетектөөнү мага окшогон бир кемпайга тапшырып койдуңбу. Мен ушунча эле бир шүмшүкмүнбү, элдин ишенимине татыктуу боло албаймынбы? Жок, жок, антип айтканым туура болбос. Мен элимдин балдарынын эң начары эмес элем, ооба, эң начары эмес болчумун. Ал эми азырчы?

Азыр эң эле чабалы, такыр ишке жарабаганы- менмин. Мындай чабал жана ишке жарабаган кишини жетекчи кызматка койбош керек. Жетекчилик жумуштан кетишим керек, ооба, кетишим керек. Менден күчтүүрөөгүн, ишенимге татыктуураагын тандап алышсын. Ж. деген М. жанында болбосо, басып жүргөн бир сөлөкөт. Сөлөкөттөр адамдарды башкарбашы керек.

22.08.1928

Серафимовичтин “Железный потогун” окуп жатам. Бул көтөрүлгөн элдин каарман күрөшүнүн бир үзүмү экен. Бул китепти сүйүктүүм М. мага белекке берген. Китептегидей өз элимдин Кожух баатыры боло аламбы? Билбейм, билбейм, себеби өзүмдү өзүм тааный албай кетем. Менин кайсы бир сапаттарым өзгөрүлүп кеткендей, бирок кайсы сапаттарым? Аны да билбейм. Кандайдыр бир сыйкырлап койгондогудай айлампада калдым.

Ушул айлампадан чыга аламбы? Таң… Балким мени жөлөп- таяган бирөө болсо, чыгып кетээрмин. Эгер менин эң жакын, эң мыкты деген, жөлөгүнө муктаж болуп жаткан кишим мени таштап жатса, андан бөлөк ким мени жөлөп- таямак эле?

Поезд кечигип жатат, мунусу дагы ачуумду келтирүүдө. Мына, Пензага да жетип келдик. Бул жакта Наумчик менен Левка жашайт. Алар М. нын жакындары.

Аларды көргүм келип жатат. Албетте, сөзсүз көрүшөм. Бирок качан?

Башыма жакшы нерсе, маанилүү ой келбей жатат! Бул Жусуптун, революция үчүн күрөшүүчү, саясий ишмер катары күнү батып баратканынын башталышы эмеспи? Эгер ушундай болсо, анда М. өзүнүн В.сы үчүн абдан кымбат төлөгөн болот. М.нын бактысы үчүн адам саны бир кишиге кемисе эмне экен. Мейли, кемий берсин…

(журналист  Айгүл Бакееванын котормосунан)

 Эл эмгектен эскерсин:

 

Абдрахмановдун ысымы менен Ысык-Көл районундагы айыл кеңеши (мурдагы  Таштак  айыл  кеңеши) аталган.

Бишкек шаарынын жана Каракол шаарларынын  көчөлөрүнө аты коюлган.

Туулган айылына жана жана Каракол шаарында эстелик тургузулган.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

алты + он үч =