«Улуттар Биримдиги» көӊүл айтат: «Кыргыз комузун кыйырга даӊазалаган замандашыбыз эле»

Каганат

 Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. 69 жаш курагында катуу оорудан улам Ош мамлекеттик университетинин профессору, Кыргыз Эл артисти, көрүнүктүү комузчу, педагог, Фахридин Баяков дүйнөдөн кайтты.

Фахриддин Баяковдун Жергетал районунун Дувана айылынан башталган өмүр жолу өнөр сересине аралашып, 1973- жылдан тартып өмүрүнүн  акырына  чейин ОшМУнун искусство факультетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент, музыкалык аспаптарда аткаруу кафедрасында профессор болуп эмгектенип келди. Аны менен катар Ош областтык Р. Абдыкадыров атындагы филармонияда комузчу-аткаруучу болуп талантын элге тартуулаган инсан эле.   

 Фахриддин Баяков кыргыз өнөрүн   Сирия, Иордания, Индия, Непал, Кытай   АКШга чейин тааныткан. Кыргыз улуттук радиосунун алтын фондунда Ф. Баяковдун чертүүсүндөгү 40тан ашуун күүлөр сакталып, ЭлТР радиосунун, Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз автоном областынын телерадиосунун фондусунда бир топ күүлөрү жазылып алынган.

  «Улуттар Биримдиги » элдик партиясы Фахридин Баяковдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшөт.

«Улуттар Биримдиги » элдик партиясынын саясий кеңеши

 

Бөлүшүү:

Пикир

бир × беш =