“Улуттар Биримдиги”: “Жаратмандыкка жана бийик адамкерчиликке чакырган инсан эле”

 

Каганат

Кыргыз коомчулугу, кыргыз маданияты  менен  кыргыз адабияты орду толгус оор жоготууга учурады. 83 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 30дан  ашуун китептин  автору, акын жана  котормочу Кармышак Ташбаев көз жумду.

Кармышак Ташбаев – элдик акын, чынчылдыктын, кесипкөйлүктүн жана мекенчилдиктин үлгүсү эле. Ал кыргыз поэзиясында өзүнө гана таандык стили бар, интеллектуалдык тереңдикке сугарылган, ой-чабыты ааламды чапчыган акын эле. Акын 50 жылдан бери Ош шаарында жашап, ыр жазгандар борбордо жашаш  керек деген  трафарет ойлорду четке кагып, эң сонун чыгармаларды жазды. Анын ийгилиги – эч кимге окшошпогондугунда эле. Жараткандан энчиленген акындык өнөрдү урматтап-сыйлап, ага өтө олуттуу, жоопкерчиликтүү мамиле жасап келди.

Кармышак Ташбаевдин карманган чыгармачылык принциби, турмуштагы жана  чыгармачылыктагы кредосу – санга эмес, сапатка кароо, эч качан  тар кызыкчылыктарга азгырылбай, алданбай түз жашоо болгон. Ал эч качан мансапка, атак-даңкка, наамдарга кызыккан жок. Улам бир жээкке чарпылбастан,  адамдык сапаты бийик, туруктуу, эрктүү инсан катары өз абийирине камчы чапай өмүр кечирди.

Абийирин, ыйманын таза сактап, байсалдуу өмүр сүрдү. Эл акыны наамын албаса да, элдин эсинде, эл акыны болуп калды. Мындай өтөлгөлүү өмүргө, мындай инсанга албетте, суктанып, ар убак өрнөк алуу керек.

Кармышак Ташбаевдин чыгармалары ар дайым Мекенди сүйүүгө, жаратмандыкка жана бийик адамкерчиликке чакырып, элибиздин жүрөгүндө жашай  берет.

«Улуттар Биримдиги» элдик партиясынын саясий кеңеши Кармышак Ташбаевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып,  аза-кайгысын тең бөлүшөт.

“Улуттар Биримдиги” элдик партиясынын саясий кеңеши

 

Бөлүшүү:

Пикир

18 − беш =