Элди ким ойлойт: 4 млрд. доллар тышкы карызы бар Кыргызстан аткаминерлердин унаасы үчүн миллирддаган каражат сарптады

0

Каганат

4 миллиард 444 миллион доллар тышкы карызы бар Кыргызстан 2017-жылы кызматтык унаалардын керектөөсүнө  миллиарддаган каражат жумшаган. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.

Андагы маалыматка таянсак, кызматтык автоунаанын өзүн жана анын тийиштүү шаймандарын сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 441 млн 242 миң 779 сом жумшалган.

2017—жылдын январь айынан 2018-жылдын январь айына чейин кызматтык унааларга жабдыктарды алууга жана тийиштүү транспорт каражаттарын сатып алууга 9 миң 641 жарнама жарыяланган. Ага жалпысынан 984 млн 555 миң 60 сом коротулган.

Расмий маалымат боюнча алганда Кыргызстанда калктын 25 пайыздан ашыгы же 1,5 миллионго жакын киши жакырчылыктын чеңгелинде жашайт. Ал эми 2018-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 140 миллиард 882,2 миллион сом болсо, чыгаша 161 миллиард 149,3 миллион сомду түзөт. Тартыштык жылдагыдай эле 20 миллиард сомдон ашык болот. Ал эми тышкы карыз 4 миллиард 444 миллион доллар.

Элибиз «Алыбек алына жараша иш кылат» же болбосо «төшөгүңө карап буттуңду сун» деп бекер жеринен айтпаса керек. Бирок  кыргыз аткаминерлери элди эзип, казынаны какшытканын качан токтот деген суроо жаралат…

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

он үч − 9 =