Айтса, айтпаса төгүнбү? Жумалиевге окшогондор ошондо «Атамбаев атындагы психиатриялык  оорукана» деп атын коюп жиберишмек

 Каганат.

Атамбаев Аксарайын майыптарга берсе аты коюлмак…  

Кыргыздарга жүзү жарык болмок… Кыргыз Эл  баатырлыгын актамак… 

 Алтымыш жылдыгынын алдында экс-президент Алмазбек Атамбаев  өзү туулуп-өскөн Арашан айылына Аксарай салдырып, мындай үй көрө элек кыргыздар оозун ачып, ЖМКлар дрон менен тартып айтор, аябай эле ызы-чуу түшкөнбүз. Ызы-чуунун башында адаттагыдай эле акыйкатсыздык болсо атырылып чыккан «Ата Мекендин» лидери турган эле. Албетте, Өмүрбек Текебаев Атамбаевдин Аксарайынын кышы менен ташын санаган эмес, бирок, аксарайдын курулган жери ызы-чууну жараткан.

Көрсө, экс-ажо келиштирип көп кабат үй салып алган жер көрүнгөн адамдыкы эмес айтылуу Максим Бакиевдин жери экен. Ага деле болбой, Алмазбек Атамбаев «ата-бабамдын жерине үй салууга акым бар» деп чыккан. «Ата Мекендин» лидерине ачууланып, айылдаштарын жиберип, ачуусу келген ал киши дагы «назло» Атамбаевдин айылынан 5 сотых жер алып, үй салмак болгон. Аӊгыча ачуусуна чыдабаган Алмазбек Атамбаев менен кошо саясат сапырылып, Аксарай эстен чыгып кетти.   

   Албетте, таптакыр эле эстен чыгып кеткен жок. Ошол дрон менен тартылган Аксарайдын тасмасы Алмазбек Атамбаевдин ыры менен кошо интернетте «жылт» этип, көргөн элди муӊайтып турат. Муну деле Алмазбек Атамбаев жана анын айланасындагылар капарына алган жерлери жок.

«Максимдин жерине салынган» Аксарайдын тагдыры  акыры түбү ачыкка чыгаары турган иш.  Себеби, Аксарай курулган жер участогунун тарыхын  «Ата Мекендин» лидерине удаа эле  ошол кездеги мамлекеттик каттоонун жетекчиси Тайырбек Сарпашев дагы тастыктаган. Тактап айтканда, участок Убактылуу Өкмөттүн тушунда «унутулуп» калганбы, айтор улутташтырылбай калып, кандайдыр бир жолдор менен Алмазбек Атамбаевдин менчигине өтүп кетиптир.

Бүдөмүк кылбай чечмелеп берсек, аталган жер участогу сот аркылуу Максим Бакиевдин мыйзамсыз тартып алганы тастыкталып, 2010-жылы «Дастан» ачык акционердик коомунун ээлигине  кайтарылган. Мыйзам боюнча, участок улутташтырылган мүлктөрдүн катарына киргизилиши керек эле. Акырындык менен унуткарылып отуруп, Алмазбек Атамбаевдин колуна өткөн экен.  

   Албетте, Алмазбек Атамбаев уурдап алган эмес. Болгону, Максим Бакиевден уурдалган жерди сатып алыптыр. Алмазбек Атамбаевге чейинки уурдалган участокко ээлик кылгандардын бири учурдагы Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов экс-президенттен эки эссе пайда көрүп саткан экен. 24-млн сомго сатып алып, аны президентке 9 миллион сом кошуп «тоголотуп» коюптур.

  Бул окуя эле кантип элдин эсинен чыксын. Жаалы кайнаган Алмазбек Атамбаев анын бул былыгын «чукуп» чыккан Текебаевди абакка тыкканы  менен акыйкат анын артында калып кетпедиби. Эки күн мурун эле Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн бири Эмилбек Каптагаев социалдык тармактагы баракчасына кайрадан жазып чыкты. Ал айткандай Алмазбек Атамбаевдин Аксарайы Максим Бакиевдин жерине салынып калса кантип бул окуя унутулуп калмак эле.

Арыктан аккан суу, жерде өскөн чөп, себелеген жамгыр, жада калса жалбырактар дагы «бул Максимдин жери» деп эстетип турат эмеспи. Алмазбек Шаршенович ары-бери баскан сайын шуудуруган жел дагы «Максимдин жери» деп бетинен сылап тураары анык.

     Эми алдыда «ата-бабамдын» жери деп адашып же атайылаппы Максимден уурдалган жерге үй салып алган   Алмазбек Шаршеновичтин алдында эки гана жол бар. Биринчиси, 

бетин тултуйтуп «Максимдин түгүл, шайтандын жери болсо» деле унчукпай жашай бериш керек. Экинчиси, жаманатты кылган жерден дагы, үйдөн дагы кутулуш керек. Албетте, олигархтын, болгондо дагы Алмазбек Атамбаевдин үйүн сатып алганга ким даамак эле? Кайсы чириген бай сатып алса дагы, «Максимдин жерине курулган Аксарай» деген аты өчпөй тургандыгы анык. Ошондуктан, Алмазбек Шаршенович Сооронбай Жээнбеков берешендик кылган  Кыргыз Эл баатырлыгын ушул Аксарайын майыптарга ыйгарып туруп, актап алса болот экен. Муну биз эмес, Эмилбек Каптагаев сыяктуу аттуу-баштуулар дагы сунуштап жатышат.

     Анткени, Алмазбек Атамбаевдин мезгили түгүл, Союз мезгилинен, тактап айтканда 1984-жылдан Кыргызстанда майыптарга, тактап айтканда психиатриялык оорулууларга арналган бир дагы оорукана курулбаптыр.

Эӊ баштапкы психиатриялык оорукана 1939-жылы курулса, андан кийин 60-жылдары курулуп, ошол бойдон калктын аялуу катмары болгон, психиатриялык жактан жабыркаган

майыптарга оорукана курууну мамлекет ойлонбой эле келе жатыптыр. Алардын катарында Чым-Коргондогу психиатриялык оорукананын учурдагы абалын айтсак болот. Эптеп-септеп кайрымдуу адамдардын жардамы менен оӊдолуп-түзөлүп оор абалда турат.  Чым-Коргондогу пихиконеврологиялык оорукана антисанитардык абалдан улам жабылуу коркунучунда турганын саламаттыкты сактоо министрлиги дагы жокко чыгарбай, ал тууралуу маалыматтар ЖМКларда айтылууда. Кантип эле Алмазбек Атамбаев бул маалыматтардан кабары жок болсун?  

           Өткөн жылы шал оорусу менен жабыркаган балдардын борборуна айландыруу тууралуу дагы сунуштар айтылганы элдин эсинде. Балким, карылар же балдар үйүнө  берилсе деле дурус болмок. Калктын аялуу катмарынын кайсы жагы болбосун колдоого муктаж экендиги белгилүү эмеспи. Коомчулук колдомок түгүл, экс-ажону көкөлөтүп алат эле.

  Экс-президент ырларында эле «элим менен жерим» дей бербей, элин сүйсө психикалык жактан жабыркаган адамдар үчүн Максим Бакиевдин жерине “адашып” курулуп калган үйүн ыраа көрүп койсо эл ыраазы болмок. Өзү дагы оппозициячыл депутаттардын таландысына калбай, жүзү жарык болот эле. Балким, Эмилбек Саламатович айткандай, кошоматчылыгы башынан ашкан Кубанычбек Жумалиев окшогондор «Алмазбек Атамбаев атындагы психиатриялык  оорукана» деп атын коюп жиберишмек.

Шамал уруп, кум-таш учкан кара жолго аты коюлганча, карабашыл адамдар, болгондо дагы тагдырдын оор сыноосун баштан кечирген жарандарга берилген Аксарайга аты коюлса жаманбы? Бир жагынан жан кейиткен ооруга кабылган жарандарыбыз шарты сонун үйдө жашап, экс-ажого батасын беришмек. Кылымдар бою кыргыз эле сыйлап, Кыргыз Эл Баатырлыгын актап алмак.

         А түгүл, аманчылык болуп  Текебав абактан бошосо, «мына, Максимдин жеринде мен жашаган жерим жок, жаманатты болбоюн деп жан кыйнаган оору менен алышкандарга бердим» деп жарык жүз менен учурашат эле. Алдыда КСДПнын курултайын өткөрүп, «Апрель» каналын ачып, алгылыктуу аракеттерди көрүүнү максат кылган Алмазбек Атамбаев Аксарайдын тагдырын ушундайча чечет деп үмүт кылалы…

    Булак: Каганат.

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

4 × төрт =