Бүгүн: 16-январь… Дата…Окуялар…Фактылар…

Каганат

 2018-жылдын 15-16-январында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 16-18-январда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

16-17-январда жана 18-январда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с. 18-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с.

Ал эми күн санап «куну» көтөрүлгөн доллардун курсу, бүгүн 16 –январда Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайларда сатып алууда 69, 40 сомго, ал эми сатууда 69, 55 сомго чейин бааланууда.

   Бул күн Кыргызстандын тарыхында каргашалуу окуя менен тарыхта калды. Өткөн жылы 16-январда Бишкектин үстүнөн жарылган Boeing 747-400 жүк ташыган  учактын   алдында  калып  39 адам каза тапкан.

 Эске салсак,  2017-жылдын 16-январында Гонконгдон Бишкекке келе жаткан Boeing 747-400 Кыргызстандын борборундагы «Манас» аэропортуна 1, 5 км жетпей калган . Учак  аэропорттун айланасындагы дача айылына кулап, 32 турак-жай  талкаланган.  Boeing   Гонконг — Бишкек — Стамбул маршрутун аткарган  экипаждын составында беш адам болгон.  Учактын кулашынан 39 адам каза тапса, алардын 17си жаш балдар эле.

Бүгүн дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Рой Жонстун туулган күнү. Ал 1969-жылы 16-январда АКШнын Флорида штатында жарык дүйнөгө келсе, бүгүн советтик жана россиялык актер Василий Лановой жана  белгилүү британ манекени Кейт Мосс туулган.

Бул күнү италиялык дирижер Артуро Таскани жана белгилүү орус княгинясы, адабий ишмер  Екатерина Дашковалар каза болушкан.

2013-жылы 16-январда “Дед Хасан” деген каймана аты менен белгилүү орусиялык кылмыш чөйрөсүнүн өкүлү Аслан Усоян атылып өлтүрүлгөн.

16-январда АКШда жыл сайын дин ишенимдеринин күнү (Religious Freedom Day) катары белгилүү.

Ал эми Таиландда мугалимдер күнү (Teachers’ Day)  белгиленет, Бул кесиптик майрам аталган өлкөдө 1956-жылдан бери белгиленет.

Ал эми  1987-жылы 16-январда Өзбекстандын Ташкент шаарындагы “Ташкент-Түштүк” аэропортуна жакын жерге Як-40 учагы кулап түшкөн.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

үч + 7 =